Пакистандагы терактыдан улам Атамбаев өлкө президенти Хуссейнге көңүл айтты

© AFP / ASIF HASSANСотрудники полиции на месте взрыва на территории мавзолея Лала Шахбаза Каландара в Пакистане
Сотрудники полиции на месте взрыва на территории мавзолея Лала Шахбаза Каландара в Пакистане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Лала Шахбаз Каландар мавзолей комплексинин аймагында жарылуу болуп, андан кеминде эле 72 киши каза таап, 150дөн ашык киши түрдүү жаракаттарды алган.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Пакистандын башчысы Мамнун Хуссейнге киши өмүрүнө забын болгон терактыга байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Безопасность в Стамбуле - Sputnik Кыргызстан
Стамбулда кармалган өзбекстандык Машариповдун жанында КР жарандары болгон эмес
Эске салсак, Пакистандын Сехван-Шариф шаарындагы Лала Шахбаз Каландар мавзолей комплексинин аймагында жарылуу болуп, андан кеминде 72 киши каза тапты. Дагы 150дөн ашык киши түрдүү жаракат алганы айтылууда. Полициянын алдын ала маалыматы боюнча жардырууну жан кечти жасаган. Биринчи гранатаны ыргытып, ал жарылбай калганда белиндеги жарылуучу түзүлүштү иштетип жиберген.

Өлкө башчысы террордук аракет тууралуу маалыматты кайгыруу менен кабыл алганын баса белгилеген.

"Кыргызстандын эли Пакистандын элине терең кайгыруу менен көңүл айтат жана терроризмдин кандай гана түрү болбосун кескин сыйндайт", — деп айтылат көңүл айтууда.

Сехван-Шарифтеги жардырууну "Ислам мамлекети" террордук тобу өз мойнуна алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0