Баткенде Тажикстанга мыйзамсыз көмүр ташыган жарандар кармалды

© Азамат АйтбаевЛопата, тележка и 20 тонн — один день на шахте Жыргалан
Лопата, тележка и 20 тонн — один день на шахте Жыргалан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам бузгандарга административдик жоопкерчилик кодексинин 389-беренеси боюнча айып пул салынды.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Тажикстанга мыйзамсыз көмүр ташыган кыргызстандыктар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Тамеки сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанды тамеки менен Тажикстан "камсыз" кыла баштады
Маалыматка ылайык, 14-февралда тиешелүү документтери жок үч кыргызстандык жаран Баткен облусундагы Миң-Булак айылына жакын жерде 450 мүшөк көмүрдү "КамАЗ" автоунаасына жүктөп, Тажикстанга өткөрүүгө аракет кылган.

Окуя боюнча административдик жоопкерчилик кодексинин 389-беренесине ылайык кармалгандарга айып пул салынган. Тиешелүү кагаздар толтурулгандан соң аткезчилик менен колго түшкөн жүк жана кармалган жарандар Бажы кызматынын аймактык башкармалыгына өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0