БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Тажикстанга мыйзамсыз көмүр ташыган кыргызстандыктар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-февралда тиешелүү документтери жок үч кыргызстандык жаран Баткен облусундагы Миң-Булак айылына жакын жерде 450 мүшөк көмүрдү "КамАЗ" автоунаасына жүктөп, Тажикстанга өткөрүүгө аракет кылган.
Окуя боюнча административдик жоопкерчилик кодексинин 389-беренесине ылайык кармалгандарга айып пул салынган. Тиешелүү кагаздар толтурулгандан соң аткезчилик менен колго түшкөн жүк жана кармалган жарандар Бажы кызматынын аймактык башкармалыгына өткөрүп берилди.