Бишкек: жолтандабас менен жеңил автоунаа сүзүштү. Кырсыктын кесепети тартылган кадрлар

© Фото / Nate Steiner / wheel gripАйдоочу. Архив
Айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы Бишкектин Чүй проспектиси менен Калык Акиев көчөсүнүн кесилишине жакын жерде болду.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Борбор калаанын борбордук көчөлөрүндө жолтандабас менен жеңил автоунаа сүзүшкөнүн видеого тартып алган күбө Sputnik Кыргызстандын WhatsApp номерине жөнөттү.

"Кырсык болжол менен саат 16.30дарда Чүй проспектиси менен Калык Акиев көчөсүнүн кесилишине жакын жерде болду", — деп билдирди күбө болгон адам.

Бишкек шаардык милициясынын Патрулдук милиция башкармалыгынан окуя тууралуу маалымат түшпөгөндүгүн айтышты.

Эгер сиз кайсы бир окуяга күбө болуп, сүрөткө же видеого тартып алган болсоңуз, маалыматты биздин +996 706 566 544 WhatsApp номерибизге жөнөтсөңүз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0