ӨКМ кыйраган учакты өчүрүү аракеттеринин хронологиясын жарыялады

© AP Photo / Vladimir VoroninОбломки самолета Boeing-747 потерпевшего крушение недалеко от аэропорта "Манас"
Обломки самолета Boeing-747 потерпевшего крушение недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
16-январда эртең менен Дача айылына Гонконг — Бишкек — Стамбул каттамы боюнча учкан Түркиянын АСТ авиакомпаниясына таандык Boeing – 747 учагы кулап түшкөн. Анын кесепетинен 38 киши каза болду.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "Манас" аэропортунун жанындагы Дача айылына кулаган учактан чыккан өрттү өчүрүү боюнча көрүлгөн аракеттердин хронологиясын жарыялады.

Лидер фракции Ата Мекен Омурбек Текебаев - Sputnik Кыргызстан
Текебаев: кыйраган учак май куюу үчүн эмес, жүк алып келген. Ал кимдики?
Белгилей кетсек, 16-январда эртең менен Дача айылына Гонконг — Бишкек — Стамбул каттамы боюнча учкан Түркиянын АСТ авиакомпаниясына таандык Boeing – 747 учагы кулап түшкөн. Анын кесепетинен 38 киши каза болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги куткаруучулар кеч келди деп алардын дарегине айтылып жаткан айыптоолордон улам куткаруу иштери кандай жүргөнүнө түшүндүрмө берди.

Маалыматка ылайык, окуянын хронологиясы төмөндөгүдөй:

16-январда эртең мененки саат 7:17де Boeing – 747 учагы Дача айылына кулап түшкөн.

7:25 — 112 кызматына жергиликтүү эки тургундан учактын кулашы жана өрт чыгып жатканы боюнча билдирүү келген.

7:26 — "Манас" аэропортунан өрт өчүрүүчүлөр чыгып кеткен.

7:29 — Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан айгай салынып, министрликтин алдындагы бардык кызматтар көтөрүлгөн. Анын ичинде — ӨКМдин Бишкек жана Чүй облусундагы башкармалыктары, 161 куткаруу кызматы, Ыкчам аракет көрүүчү 101, 102, 103 кызматтары, КР куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы, ИИМ, УКМК, "Манас" аэропорту, "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасы бар.

7:29 — учак кулаган аймакка жакын жердеги айылдан эки өрт өчүрүүчү машина, 6 кишиден турган ыкчам топ чыгып кеткен.

7:29 — ӨКМдин Бишкек шаарындагы куткаруу кызматынын 24 кишиден турган 4 тобу чыгып кеткен.

Сотрудник МВД КР на месте авиакрушения самолета Boeing-747 в селе Дача-Суу недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Авиакырсык: учкучтардын сөөгү Түркия элчилигине өткөрүп берилди
7:40 — өрт өчүрүүчүлөр жалынды өчүрүү иштерин баштаган.

7:42 — кырсык болгон жерге эң жакын жайгашкан аймактардан (Бишкек жана Чүй облусу) кошумча 10 өрт өчүрүүчү машина тартылган.

8:06 — Бишкек шаарынан жана Чүй облусунан чыккан өрт өчүрүүчүлөр кырсык тооруган жерге келип, өрт өчүрүү иштерин баштаган.

9:54 — учактын кесепетинен чыккан өрт чектелген.

Кырсык болгон жердин жалпы аянты 4,8 гектарды түзөт. Өрттү өчүрүү үчүн биринчи күнү 1180 киши жана 71 техника тартылган. Кырсыктын кесепетинен 38 киши каза болду. Анын ичинде экипаждын төрт мүчөсү бар.

Кыйраган учактан Кыргызстан кандай сабак алышы керектиги тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0