МАК учак кырсыгын иликтөө үчүн мамлекеттен расмий чакыруу күтүүдө

© Фото / отправленное по Whats App-каналу"Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача-Суу айылына кулап түшкөн Boeing-747-400F учагынын кыймылдаткычы
Манас аэропортуна жакын жердеги Дача-Суу айылына кулап түшкөн Boeing-747-400F учагынын кыймылдаткычы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандан расмий чакыруу түшөрү менен комитет атайын комиссия түзүүгө даяр.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Мамлекеттер аралык авиациалык комитет (МАК) кырсыктаган Boeing 747 учагы боюнча иликтөө жүргүзүүгө даяр. Болгону ал үчүн мамлекеттин расмий чакыруусу керек. Бул тууралуу РИА Новости билдирди. 

Эске салсак, эртең менен Гонконг — Стамбул каттамы менен учкан MyCargo Airlines авиакомпаниясына таандык Boeing-747-400F учагы саат 7.30дар чамасында "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача-Суу айылына кулап түшкөн. Анын кесепетинен отуздан ашык киши каза болуп, 20дан ашык үй бузулган. 

"Биз учурда расмий чакырууну күтүп жатабыз. Алаарыбыз менен комиссия түзүп, иликтөөгө даярбыз", — деп билдирди агенттик. 

Кыргызстандагы Жарандык авиация агенттиги кырсык Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде иликтенерин билдирди. 

"Эреже боюнча агенттик билдирмени МАК жана Түрк бийлигине жөнөтөт. Ал эми окуя биздин мыйзам боюнча иликтенет", — деп жазылат маалыматта. 

Биринчи вице-премьер: авиакырсык учкучтардын күнөөсүнөн болду деген ой бар - Sputnik Кыргызстан
Биринчи вице-премьер: авиакырсык учкучтардын күнөөсүнөн болду деген ой бар
Кырсыкты МАК иликтейт. Ал эми атайын комиссияга Кыргызстандагы жарандык авиациянын, Түрк бийлигинин жана өкмөт түзгөн комиссиясынын өкүлдөрү кирет. 

Жарандык авиация агенттиги мамлекеттик органдардан, журналисттерден кырсыктын себептери тууралуу расмий маалымат белгилүү боло электе ар кыл божомолдорду жар салуудан оолак болууга чакырат.

Белгилей кетсек, окуяны иликтөө үчүн өкмөттүк комиссия дагы түзүлгөн.

Учактын кыйрашына байланыштуу бардык маалыматтардын топтомун бул жактан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0