Ош аэропортунан жасалма документ менен тажик жараны кармалды

© © SputnikОш шаарынын аэропорту. Архив
Ош шаарынын аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жасалма документ менен кармалган адам 47 жаштагы С.Х аттуу Тажикстандын жараны болуп чыкты.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Ош аэропортунан жасалма документ менен тажик жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө жазылгандай окуя 10-январь күнү катталган.

"Москва-Ош" каттамы боюнча "Ош-аэропорт" көзөмөл пунктунан чек ара кызматкерлери чек арадан мыйзамсыз өтүп бара жаткан 1970-жылы туулган С.Х аттуу Тажикстандын жаранын кармашкан. Анын документтерин текшерүү учурунда чет өлкөлүк паспорту жасалма экени аныкталган", — деп жазылат маалыматта.

Учурда кармалган адам УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0