БИШКЕК, 3-янв. – Sputnik. Стамбулдагы түнкү клубда теракт жасоого шектелген жаран 28 жаштагы кыргызстандык жаран экени айтылды. Бул тууралуу Lenta.ru агенттиги Түркиянын укук коргоо органдарына шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Андагы маалыматка карганда, шектүүнүн паспорту Түркиянын TRT World мамлекеттик телеканалынан көрсөтүлгөн.
Turkish authorities have confirmed that the #Istanbul attacker is Lakhe Mashrapov, a 28-year old citizen from Kyrgystan pic.twitter.com/s4cY0ncKHg
— Michael Horowitz (@michaelh992) 3 января 2017 г.
“Документ 2016-жылдын 21-октябрында Кыргызстандын Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан Яхья Машрапов аттуу жаранга берилген”, — деп айтылат маалыматта.
© Ruptly
Белгилей кетсек, Стамбулдагы Reina түнкү клубуна жаңы жыл түнү куралдуу кол салуу болгон. Террорист клубду кайтарган полиция кызматкерин атып салган. Андан кийин 700 адам эс алып жаткан клубга кирип барып элди карай ок чыгарган. Түркиянын ИИМнин маалыматына караганда 39 адам каза таап, 69 жаран ар кандай жаракат алган. Кол салган жаран азыркыга чейин изделип жатат.
Рейтер агенттигинин маалыматына ылайык, терактынын жоопкерчилигин “Ислам мамлекети” террордук уюму өз мойнуна алган.