Кочкордо автоунаа тоголонуп бир адам каза таап, алты киши жаракат алды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кара-Кужур аймагында "ВАЗ" үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, тоголонуп кеткен.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Кочкор районунун Ак-Кыя айылында унаа тоголонуп кетип бир адам каза болуп, алтоо жаракат алганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Кужур аймагында "ВАЗ" үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, тоголонуп кеткен.

"Унаада жалпы жети адам болгон. Кырсыктан бир адам каза болуп, алтоосу түрдүү жаракаттарды алышкан. Жабыркагандар дароо Кочкор райондук ооруканасына жеткирилген", — деп жазылат маалыматта.

Кырсык болгон жерге куткаруучулар барып унааны жолдон четке чыгарышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0