БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Кочкор районунун Ак-Кыя айылында унаа тоголонуп кетип бир адам каза болуп, алтоо жаракат алганын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, Кара-Кужур аймагында "ВАЗ" үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, тоголонуп кеткен.
"Унаада жалпы жети адам болгон. Кырсыктан бир адам каза болуп, алтоосу түрдүү жаракаттарды алышкан. Жабыркагандар дароо Кочкор райондук ооруканасына жеткирилген", — деп жазылат маалыматта.
Кырсык болгон жерге куткаруучулар барып унааны жолдон четке чыгарышкан.