Суракка алып келгенде качып кеткен айыпталуучу кармалды

© Фото / пресс-служба УВД БишкекаПодследственный Ляхунов Рамазан, совершивший побег
Подследственный Ляхунов Рамазан, совершивший побег - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек ШИИБдин маалыматына ылайык, айыпталуучу Свердлов РИИБдин имаратына алынып келгенде качып кеткен.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Свердлов РИИБине сурак берүү үчүн алып келинген 21 жаштагы айыптулуучу Рамазан Ляхунов атайын операция учурунда кармалганын ИИМдин маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Саунада чогуу эс алып күзөтчүлөрдөн качып кеткен Азатбек Алымкулов кармалды
Белгилей кетсек, 11-ноябрда кечки саат 17.00дөр чамасында айыпталып жаткан Ляхунов сурак берүү үчүн тергөөчүгө алынып келгенде качып кеткен. Милиция анын сүрөтүн жарыялап, издөө салган болчу 

Ляхунов КР Кылмыш жаза кодексинин 168-беренеси "Каракчылык" боюнча кармалган болчу.

ИИМдин маалымат кызмат маалымдагандай айыпталуучунун качып кетиши боюнча Свердлов РИИБдин жооптуу кызматкерлерине карата шалаакылык боюнча кызматтык тергөө башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0