Бир суткада өлкө аймагында 33 өрт кырсыгы катталды

Жазылуу
Аларды өчүрүү үчүн 36 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Бир суткада өлкө аймагында 33 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 36 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылганын ӨКМ билдирди.

Өрт өчүрүүчү каражат. Архив - Sputnik Кыргызстан
КР мектептеринде өрт коопсуздугунун эрежелери 7 миңден ашуун жолу бузулган
Маалыматка ылайык, Чүй облусунда 13, Бишкек шаарында 3, Баткен, Талас, Нарында бирден, Ысык-Көлдө менен Жалал-Абадда төрт, Ош шаары менен Ош облусунда үчтөн өрт кырсыгы катталган.

Мисалы Аламүдүн районунун Кайырма айылындагы талаада 1 гектар куураган чөп жана жыйылган 3000 түк чөп күйгөн. Ал тамеки чегүүдөгү этиятсыздыктан улам чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0