Ошто каналга агып кеткен 2 жашар баланын сөөгү табылды

© Фото / Пресс-служба ГУ МЧС России по Хабаровскому краю / Медиабанкка өтүүСуучул. Архив
Суучул. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Наристе мындан үч күн мурун сууга агып кеткен.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Ош шаарында "Увам" каналына агып кеткен эки жаштагы баланын жансыз денеси табылганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык мындан үч күн мурун, 22-августта саат 10.30да болгон. Ошол эле күнү издөө иштерине чыккан куткаруучулар наристенин сөөгүн кечээ, 24-август күнү кечинде Ош облустук ооруканасынын жанынан табышкан.

Баланын жансыз денеси Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлерине тапшырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0