ӨКМ: жүргүнчүлөрү каза болгон унаа сел өтүүчү сайга кулап кеткен

© пресс-служба МЧС КРКадамжайда болгон сел алып кеткен унаалар
Кадамжайда болгон сел алып кеткен унаалар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кадамжайда болгон табигый кырсык беш адамдын өмүрүн алып кетти.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Кадамжайда селден улам 15 унаа жабыркаган, ал эми жүргүнчүлөрү каза болгон машина сел өтүүчү сайга кулап түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кырсык кечээ, 27-май күнү түштөн кийин болгон. Алдын ала маалымат боюнча Ош —Айдаркен унаа жолунун 125-132-чакырымында тоо жылгаларынын 15 жеринен сел түшүп, бир чакырым аралыкта кум-шагылдарга толуп, жол каттамы убактылуу токтоп калган. 

Сайга түшүп кеткен автоунаанын ичинде эки эркек, үч аял каза болуп, бир жаш бала куткарылган. 

"Жийделик айылында Заводская көчөсүндө Ак-Суу дарыясынан унаалар өтүүчү көпүрөдөн суу ашып баштаган. Арал участкасында "Байман" көпүрөсүнүн түркүктөрүнүн астын сел жеп кеткен. Кырсыкка кабылган башка унаалар жолдон чыгарылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда кырсык болгон жерде ӨКМ башчысы Кубатбек Боронов, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге көзөмөл кылып жүрүшөт. 

Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан материалдык чыгымдарды эсептөө иштери жүргүзүлүүдө.

Селде калган унаалар. Кадамжайдан алынган кадрларды Sputnik Кыргызстандын видеосунан көрө аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0