Жалал-Абадда 4,5 баллдык жер титиреди

© AP Photo / Irwin FedriansyahСейсмограф аппараты. Архив
Сейсмограф аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жердин силкинүүсү Көк-Таш, Кызыл-Туу айылдарында жана Шамалдуу-Сай, Майлуу-Сай шаарларында сезилген.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Жалал-Абад облусунда күчү 4,5 баллдык жер титирегенин ӨКМ Сеймология институтуна таянуу менен билдирди.

Шприц кармаган врач. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда он жылда кургак учукка каршы күрөшүүнүн жаңы модели иштелип чыгат
Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн, 26-майда таңкы саат 6.30дар чамасында болгон. Анын очогу Көк-Таш айылынан батышты карай 6 чакырым, Кызыл-Туу айылынан түндүк-чыгышты карай 8 чакырым жана Майлуу-Суу шаарынан түштүк-батышты карай 13 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Көк-Таш, Кызыл-Туу айылдарында 4,5 балл, Шамалдуу-Сай, Майлуу-Сай шаарларында 4 балл болуп сезилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0