Ысык-Атада үч аялды өлтүрүп кетишти, анын бирөөсү кош бойлуу экени аныкталды

Жазылуу
Милициянын алдын ала божомолу боюнча кылмышкерлер үйгө карактоо ниети менен киришкен.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Ысык-Ата районундагы Киршелк айылында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн үч аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБ билдирди.

Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Атада түтүнгө ууланып үйдүн ээси каза болду
Маалыматка ылайык, үйлөрдүн биринен аялдардын сөөгү табылганы тууралуу коңгуроо милицияга бүгүн эртең менен келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган укук коргоо органдары алар 64 жаштагы үйдүн кожейкеси, анын 24 жаштагы кош бойлуу кызы жана 56 жаштагы сиңдиси экени аныкталган.

Милициянын алдын ала божомолу боюнча, кылмышкерлер үйгө карактоо ниети менен киришкен. 

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин "Эки же андан көп адамды өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0