Баяман Эркинбаевди өлтүргөн кишинин өлүмүнүн бети ачылды

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүТапанчадан атуу. Архив
Тапанчадан атуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты Баяман Эркинбаевди аткан Сабыркул Батыров 2011-жылы май айында түзөтүү колониясынан өлтүрүлгөн. Сабыркул Батыровду өлтүрдү деп шектелген жаран СИЗО-50гө камакка алынды.

БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Баяман Эркинбаевди өлтүргөн Сабыркул Батыровдун өлүмүнүн бети ачылганын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Интерпол сайтындагы Алмамбет Анапияевдин сүрөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Анапияев ким колдуу болгон. Кыргыз, беларусь милицияларынын иликтөөлөрүнүн айырмасы
Маалыматка ылайык, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы менен ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгы 2011-жылы май айында түзөтүү колониясынан өлтүрүлгөн Сабыркул Батыровдун өлүмүнүн бетин ачышты.

ЖАМКтын маалыматына ылайык, Сабыркул Батыров Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаевди 2005-жылы 21-сентябрда өлтүргөндөрдүн бири болгон. Ал №19 түзөтүү колониясына камакка алынган болчу.

Сабыркул Батыровду өлтүрдү деп шектелген жаран СИЗО-50гө камакка алынып, тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн анын аты аталбай турганын ЖАМКтан кошумчалашты.

Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты Баяман Эркинбаевди 2005-жылы 21-сентябрда Бишкек шаарынан атып кетишкен. Депутат алган жаракатынан окуя болгон жерде каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0