00:58 12 Бештин айы 2017
Түз эфир
Бензин ташып баратып оодарылып калган автоунаа.

Жайылда 14 тонна бензини сууга төгүлгөн айдоочу качып кеткен

пресс-служба МЧС КР
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
9401

12-январында Бишкек — Ош унаа жолунун 116-чакырымында (Жайыл району) 38 тонна күйүүчү май (бензин) алып бара жаткан автоунаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Анын кесепетинен сууга 13-14 тоннадай күйүүчү май төгүлгөн.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Бензин ташып баратып оодарылып калган автоунанын айдоочусу качып кетикенин Жайыл районунун Талды-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Жеңиш Айдарбаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

12-январында саат 11.48 чамасында Бишкек — Ош унаа жолунун 116-чакырымында (Жайыл району) "ДАФ" үлгүсүндөгү май ташуучу унаа 38 тонна күйүүчү май (бензин) алып бара жатып, жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Анын кесепетинен Абла суусуна болжол менен 13-14 тонна күйүүчү май төгүлгөн. 

Айдарбаев айдоочунун телефону өчүк болгондуктан, кайда кеткенин билбей жатканын кошумчалады.

Мамлекетик экологиялык коопсуздук боюнча инспекциясынан билдиришкендей, учурда суунун үлгүлөрү лабораториялык анализ үчүн алынды. Эгер кайсы бир тараптын күнөөсү аныктала турган болсо аларга айыптар салынарын кошумчалашты.

Инспекциядан маалымдашкандай, эгер күнөөлүү жеке тарап болсо 10 миң сом, жеке компания болсо 15 миң сом айып салынат. Андан сырткары эгер суудагы балыктардын өлгөнү аныкталса, ар бир балык башына 800 сомдон 2000 сомго чейин айып каралган.

Тема боюнча

Бишкек — Ош унаа жолундагы Абла суусуна 13-14 тонна бензин төгүлдү
Бишкек — Ош унаа жолундагы кырсыктан 5 адам каза болду
Белгилер:
жол кырсыгы, бензин, Жайыл району
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ