Спайс сатуу боюнча Кыргызстанда биринчи жолу кылмыш иши козголду

© пресс-служба ГСКНЗадержанный по факту сбыта спайсов
Задержанный по факту сбыта спайсов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Психотроптуу заттардын 86 түрүн пайдаланууга Кыргызстанда тыюу салынган. Мыйзам бузгандар мүлкүнөн айрылып, 20 жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Кыргызстанда биринчи жолу элде спайс деп аталган психотроптуу заттарды сатуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун Баңгизатты көзөмөлдөө мамлекеттик агенттиги билдирди.

© пресс-служба ГСКНКыргызстанда биринчи жолу элде спайс деп аталган психотроптуу заттарды сатуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду
1/2
Кыргызстанда биринчи жолу элде спайс деп аталган психотроптуу заттарды сатуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду
© пресс-служба ГСКНМыйзамда мындай аракет үчүн мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга чейин эркинен ажыроо жазасы каралган.
2/2
Мыйзамда мындай аракет үчүн мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга чейин эркинен ажыроо жазасы каралган.
1/2
Кыргызстанда биринчи жолу элде спайс деп аталган психотроптуу заттарды сатуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду
2/2
Мыйзамда мындай аракет үчүн мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга чейин эркинен ажыроо жазасы каралган.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 26-декабрында спайстарды интернет аркылуу сатууну уюштурган 28 жаштагы Чүйдүн тургуну кармалган. Бишкектин Ахунбаев жана Абай көчөлөрүнүн кесилишинен колго түшкөн соодагердин үйүн тинтүү учурунда эки полиэтилен баштыкчага салынган 4,5 грамм өсүмдүк табылган. Экспертиза анын спайстын бир түрү болгон "MBA (N) CHM" экенин аныктап чыкты.

Спайс баңгизаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Спайсты колдонгондор көбөйүп жаткандыгына Ош шаарынын вице-мэри тынчсызданды
Учурда бул боюнча кылмыш иши козголду. Мыйзамда мындай аракет үчүн мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга чейин эркинен ажыроо жазасы каралган. 

Кармалган жаран азыркы тапта убактылуу кармоочу жайда камакта отурат. Ал эми иштин чоо-жайын укук коргоо кызматкерлери иликтөөдө.

Декабрь айынын башында колдонууга тыюу салынып, дары-дармектин реестрине киргизилбей турган психотроптуу заттардын катарын 86 жаңы аталыш толуктаган. Мыйзам 20-декабрдан тарта күчүнө кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0