Көлдө эки унаа сүзүшүп, 4 адам каза болду

© Sputnik / Юрий Лашов / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунасы. Архив
Тез жардам автоунасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда адам өмүрүнө забын болгон жол кырсыгынын чоо-жайы такталып жатканы белгилүү болду.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Каракол — Балыкчы унаа жолунун 10-чакырымында "Хонда Степ-Вагон" жана "Тойота-Эстима" унаалары кагылышып, андан төрт адам каза болгонун ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, көз жумгандардан тышкары дагы төрт адам жаракат алып, анын экөө учурда реанимациялык бөлүмдө. 

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар автоунаага кыпчылып калган адамдардын жансыз денесин чыгарып, жабыркагандарды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. 

Учурда кырсыктын себептери такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0