15:42 17 Теке 2018
Түз эфир
  • USD68.2447
  • EUR79.8190
  • RUB1.0962
Акча пачкасын берүү. Архив

Аялдарды сызга отургузуп кеткен жаш жигит кармалды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
374 0 0

Ишенимге кирген жаш жигит бир аялдын 80 миң сомун, экинчисинин эки миң долларын алдап алып, жолго түшкөн.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Шек жараткан эркек киши Октябрь райондук Ички иштер бөлүмүнүн участкалык милициясы тарабынан кармалды деп билдирди ШИИБдин маалымат кызматы. 

Жабыркагандардын биринчисинин айтымында, кармалган жигит апрель айында ишенимге кирип, 80 миң сомун алган. Ушундай эле окуяга кабылган 45 жаштагы аял, эки миң долларын алдатып жиберген. 

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө 22 жаштагы жаран Октябрь райондук Ички иштер бөлүмүнүн участкалык милициясы тарабынан кармалды. 

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Тема боюнча

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүбүз деп акча талап кылгандар колго түштү
Коомдук унаада уурулук кылган жаран кармалды
Белгилер:
акча, кылмыш, алдамчылык, милиция, ШИИБ
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ