БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Шек жараткан эркек киши Октябрь райондук Ички иштер бөлүмүнүн участкалык милициясы тарабынан кармалды деп билдирди ШИИБдин маалымат кызматы.
Жабыркагандардын биринчисинин айтымында, кармалган жигит апрель айында ишенимге кирип, 80 миң сомун алган. Ушундай эле окуяга кабылган 45 жаштагы аял, эки миң долларын алдатып жиберген.
Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө 22 жаштагы жаран Октябрь райондук Ички иштер бөлүмүнүн участкалык милициясы тарабынан кармалды.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.