Ала-Тоо аянтындагы концертке келген аксакал беш небересин жоготуп алган

© Sputnik / Расул УсеналиевМилиция кызматкеринин автобусу. Архив
Милиция кызматкеринин автобусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Концертке беш небересин ээрчитип келген чоң ата алгач бир небересин жоготуп, аны милиция кызматкерлери таап бергенден кийин, берки төртөөнү да кайра жоготуп алган.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкек шаарындагы борбордук Ала-Тоо аянтындагы концертте бүгүн баш-аягы 30 бала адашып кеткен. Мындай окуя ата-энелердин шалаакылыгынан болуп жатат деп билдирди Бишкек ШИИБдин өкүлү Жамиля Талканбаева Sputnik маалымат агенттигине.

Анын айтымында, отуз баланын ичинен азырынча ата-энеси алып кете элек төртөө калган. Милиция кызматкерлери бала ата-энесин тааныгандан кийин гана, алардын колунан тил кат алып берип жатат. 

"Отуз баланын ичинен төртөө эле калды. Калганын ата-энесине тил кат менен тапшырдык. Алар негизинен 4 жаштан 13 жашка чейинки балдар. Адашып кеткен бөбөктөрдү Бишкек ШИИБи тарабынан атайын коюлган автобуска милиция кызматкерлери алып келип жатат", — деп билдирди Талканбаева. 

Ала-Тоо аянтындагы концерт учурунда 21 бала ата-энесинен адашып калды
Анын айтымында, балдар чоңдордун шалаакылыгынан адашып кетип жатат. 

Ал концертке беш небересин ээрчитип келген чоң ата алгач бир небересин жоготуп жиберип, аны милиция кызматкерлери таап бергенден кийин, берки төртөөнү кайра жоготуп алганын айтып берди. Бактыга жараша, милиция бөбөктөрдү кайрадан таап, чоң атасынын колуна тапшырган. 

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 24 жылдыгына арналган чоң концерт учурда Ала-Тоо аянтында орточо эсеп менен 30 миңдей адамдын көрүүсүндө өтүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0