Ишкананы жасалма карызга батырып, 9 млн. сом зыян келтирген жетекчи кармалды

Жазылуу
Директор жасалма карызынан кутулуу үчүн күнөскананы Соцфондго өткөрүп бергенден кийин башкармалыктын төрагасы аны кайра мурдагы ээсине — "Жылуулук" ишканасынын директоруна бир миллион 45 миң сомго сатып жиберген.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Каракол шаарынын "Жылуулук" ишканасынын директору мекемеге тиешелүү күнөскананы мыйзамсыз сатып, мамлекетке тогуз миллион сом зыян келтиргенин шаардык прокуратура аныктап чыккан.

Маалыматка ылайык, 2006-жылы аталган мекеменин директору Соцфонддун Ысык-Көлдөгү башкармалыгынын төрагасы менен сүйлөшүп, "Жылуулук" ишканасын камсыздандыруу мүчө төгүмү боюнча жасалма карызга батырган. 

ИИМ: Тойчубеков бюджетке 31 млн. сом зыян келтирген
Андан соң Соцфонд башкармалыгы район аралык сотко ишканадан эки миллион 744 миң сом карыз өндүрүү боюнча доо арыз менен кайрылган. Анын ичинде бир миллион 45 миң сомго бааланган "Жылуулукка" тиешелүү күнөскана да болгон. 

Аталган доо арыз сот тарабынан канааттандырылган. Директор жасалма карызынан кутулуу үчүн күнөскананы Соцфондго өткөрүп бергенден кийин башкармалык төрагасы аны кайра мурдагы ээсине — "Жылуулук" ишканасынын директоруна бир миллион 45 миң сомго сатып жиберген. 

Текшерүү учурунда күнөскананын базар баасы тогуз миллион сомдон ашуун экени аныкталды. 

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин (Коррупция) негизинде кылмыш иши козголуп, учурда тергөө башталды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0