10:45 02 Жалган Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.7835
  • EUR102.2065
  • RUB1.1450
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандын мамлекеттик чек арасында болгон окуялар (61)
15510

Баткен облусундагы чек арада ок жеген жарандардын бирөөсү Кызыл-Кыя ооруканасына жаткырылып, экинчисинин абалы дурус болгондуктан, барып келип дарылана турган болду.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Шейшемби күнү өзбек чек арачыларынын огу эки жаранды жабыркатып, биринин колуна, экинчисинин жамбашына тийген. Бул туурасында Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Абдырасул Жаныбеков Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

Башкы дарыгердин айтымында, ооруканага айдоочу жана эки жүргүнчү алынып келген. Алардын бири колунан, экинчиси жамбашынан жарадар болгон. 

"Жабыр тарткандардын бирөөсүнүн жараты жеңил болгондуктан, барып келип дарылануу үчүн чыгардык. Экинчиси болсо ооруканада. Учурда абалы дурус", — деди ал.

Алынган маалыматта Кыргызстандын жараны Өзбекстандын аймагы аркылуу өткөн транзиттик жол менен Кадамжай шаарынан Кызыл-Кыя шаарына өз автоунаасында сапар тартып бара жаткан. 

Транзиттик жолдо бара жаткан автоунааны токтогонго укугу жок деген эки тараптуу сүйлөшүүлөр болгондугуна карабастан, Кыргызстандын жараны Өзбекстандын Фергана районунун Каптархана айылына бараткан жолдо токтоп, эки аялды – Кыргызстандын жарандарын өз автоунаасына олтургузган. Муну көргөн Өзбекстандын чек арачылары автоунааны токтотууга аракет кылышкан, бирок айдоочу өзбек чек арачыларынын талабына баш ийбей сапарын уланткан. Өзбек чек ара кезмети унаага ок чыгарып, анын натыйжасында Кыргызстандын эки жараны жаракат алышкан.

Тема:
Кыргызстандын мамлекеттик чек арасында болгон окуялар (61)

Тема боюнча

Кытай жарандары Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылышкан
Премьер кыргыз-өзбек чек арасында болгон жаңжалды обьективдүү иликтөөнү тапшырды
Чек ара кызматы: чек арадан кармалган жаранды Кыргызстанга кайтаруу маселеси коюлат
Белгилер:
Абдырасул Жаныбеков, Кызыл-Кыя

ЭҢ МААНИЛҮҮ