Өзбек чек арачылары Кыргызстандын эки жаранын жарадар кылышты

© Sputnik / А. Нагибин / Медиабанкка өтүүЧек ара зымы. Архив
Чек ара зымы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматка караганда, Кыргызстандын жараны Өзбекстандын аймагы аркылуу өткөн транзиттик жол менен Кадамжай шаарынан Кызыл-Кыя шаарына өз автоунаасында сапар тартып бара жаткан.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Өзбек чек арачыларынын курал колдонуусунун кесепетинен Кыргызстандын эки жараны жарадар болгонун Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Чек ара. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстандан аткезчилик менен алынып келе жаткан жер семирткич жана жез кармалды
Алдын ала маалыматка караганда, Кыргызстандын жараны Өзбекстандын аймагы аркылуу өткөн транзиттик жол менен Кадамжай шаарынан Кызыл-Кыя шаарына өз автоунаасында сапар тартып бара жаткан. 

Транзиттик жолдо бара жаткан автоунааны токтогонго укугу жок деген эки тараптуу сүйлөшүүлөр болгондугуна карабастан, Кыргызстандын жараны Өзбекстандын Фергана районунун Каптархана айылына бараткан жолдо токтоп эки аялды – Кыргызстандын жарандарын өз автоунаасына олтургузган.

Муну көргөн Өзбекстандын чек арачылары автоунааны токтотууга аракет кылышкан, бирок айдоочу өзбек чек арачыларынын талабына баш ийбей сапарын уланткан. Өзбек чек ара кезмети унаага ок чыгарып, анын натыйжасында Кыргызстандын эки жараны жаракат алышкан.

Автоунаанын айдоочусу Айдаркен чек ара отрядынын "Айрыбас" чек ара көзөмөл постуна жетип, ал жерде кыргыз чек арачылары жарадар болгондорго биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. 

Чек ара. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытай жарандары Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылышкан
Азыркы учурда айдоочу жана жүргүнчү аял Кызыл-Кыя шаарындагы ооруканада. 

Автоунаанын айдоочусу Баткен облусунун Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылынын тургуну, эки жүргүнчү болсо Ош облусунун Ноокат районунун тургундары. 

Бул факты боюнча иликтөө башталды. КР Мамлекеттик чек ара кызматы окуянын себептерин жана жагдайын аныктоо максатында Кыргызстандын жана Өзбекстандын чек ара өкүлчүлүктөрүнүн жолугушуусун өткөрүүнү мерчемделүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0