Кемин районунда эки жеңил автоунаа кагышып, 3 киши каза болду

© Sputnik / Юрий Лашов / Медиабанкка өтүүТез жардам автомашинасы. Архив
Тез жардам автомашинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кемин районунун аймагында жол кырсыгына кабылган "Ауди-100" автоунаасынын ичинде сегиз киши болгон.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Шаршемби күнү кечки саат алтылар чамасында Бишкек – Нарын – Торугарт автожолунда "Фольксваген Венто" менен "Ауди-100" үлгүсүндөгү эки жеңил автоунаа кагашып, 3 киши каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Таш-Көмүрдө автоунаа жардан кулап кетип, үч киши каза болду
Кырсык болгон жерге ӨКМдин №5 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып, каза болгондорду автоунаадан чыгарып, Кемин райондук өлүкканага жана жабыркаган 8 адамды "Тез жардам" кызматкерлери райондук ооруканага жеткиришкен. 

"Ауди-100" автоунаасында сегиз киши бара жаткан. Жол кырсыгынан анын ичиндеги 28 жашар айдоочу, 2 жашар кыз окуя болгон жерден, ал эми 55 жаштагы аял ооруканада каза болгон. "Аудинин" ичиндеги беш жаран түрдүү деңгээлдеги жаракаттар менен райондук ооруканага жеткирилген.

Ошондой эле "Фольксваген-Венто" автоунаасынын ичиндеги үч жаран да жаракат алып, ооруканага "Тез жардам" кызматы аркылуу жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0