Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу чоң

© Sputnik / А. Абдыгулов / Медиабанкка өтүүАрхив: Кыргызстан
Архив: Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жааган кар тоолуу аймактардагы жол кыймылын кыйындатып, көчкү түшүү кооптуулугун жогорулатты.

Архив: Бишкек-Ош жолу - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жолго чыккандарды этият болууга чакырды
БИШКЕК, 26-ноя — Sputnik. 26-28-ноябрь күндөрү жаай турган карга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарында, Бишкек – Талас унаа жолунун 198-210- чакырымдарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Андан сырткары Ош облусундагы Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 45-90 жана 145-150-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Каныш-Кыя жана Ысык-Көл облусундагы Каракол – Эңилчек унаа жолдорунда да кар көчкү түшүүсү мүмкүн. 

Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы так сакталышы зарылдыгын министрликтин басма сөз кызматы эскертет.

Жааган кардан улам өлкө аймагында аба ырайы өзгөрүп, күн сууктады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин берген ыкчам маалыматына ылайык, ашуунун жолдору ачык. Олуттуу кыйынчылыктар жок. Бишкек — Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусу ачык, күн бүркөк. Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда бороон болгону менен, каттамдар ачык.

Ал эми Бишкек – Нарын – Торугарт жолундагы Долон ашуусунда күн бүркөк, жол кыймылында олуттуу кыйынчылыктар катталган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0