18:46 10 Бештин айы 2016
Түз эфир
Туман на трассе Бишкек—Ош

Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймагында күн сууктап, жолдор тайгак болот

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
17 0 0

Кыргызстандын тоолуу аймактарында абанын температурасы -20 градустан төмөн болору айтылууда.

БИШКЕК, 26-ноя — Sputnik. Чүй, Талас облустарында жана Ысык-Көл ойдуңунда күндүз —5…-10 градус, түнкүсүн —10…-15 градуска чейин суук болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында күндүз 0…-5 градус, түнкүсүн —3…-8 градус суук болот. Ал эми тоо этектеринде күндүз —8…-13 градус суук болсо, түнкүсүн —12…-17 градус суук болот.

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында күндүз —8…-13 градус суук, түнкүсүн —15…-20 градус суук болот. Бийик тоолуу райондордо болсо —20…-25 градус суук болушу күтүлөт.

Мындай аба-ырайы кыштоолордо малды кармоого, унаа, байланыш түйүндөрүнүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Белгилер:
Баткен, Ош, ӨКМ, Аба ырайы, Жалал-Абад

ЭҢ МААНИЛҮҮ