Президент Жапаров ЕЭК кеңешинин жыйынына катышып, сунуштарын берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйыны учурунда
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйыны учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2021
Жазылуу
ЕЭК кеңешинин жыйынында президент Садыр Жапаров ЕАЭБ аймагында товар ташуудагы тоскоолдуктар, экология, пандемия сыяктуу бир нече маселелерди көтөрүп, өз сунуштарын берди.
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда, Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Иш-чара онлайн өтүп, Жапаров видеоконференция режиминде сөз сүйлөгөн.
"ЕАЭБ калыптануу фазасынан өттү, бирок моюнга алчу нерсе, Евразиялык экономикалык интеграциянын реалдуу ыргагы мындан да жогору боло алмак. Буга байланыштуу интеграциянын келечектүү багыттарына эле эмес, ошол эле учурда биримдиктин жетишилген ийгиликтерин бекемдөө жана арттыруунун үстүндө иштөөгө көңүл буруу маанилүү деп эсептейм. Бизде жетиштүү маселелер чогулду – бул товарлардын эркин өтүүсү жана тоскоолдуктарды жоюу боюнча көйгөйлөр. Буга байланыштуу биздин Стратегияда коюлган тоскоолдуктарды жоюу боюнча тапшырмаларды ишке ашыруу максатында тоскоолдук аныкталган учурда аны автоматтык түрдө жокко чыгарууну жана анын кайра кайталанып колдонулуусуна жол бербөөнүн механизмдерин иштеп чыгуу зарыл. Макулдашууларды аткаруу сапатына жана ишке ашыруу мөөнөттөрүнүн сакталышына өзгөчө көңүл буруу керек. Бул өзгөчө биздин 2025-жылга чейинки экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн Стратегиялык багыттарын ишке ашырууга тиешелүү", — деп билдирген Жапаров.
Ал ошондой эле Кыргызстан ЕАЭБ аралык ар тараптуу кызматташтыкка өзгөчө маани берерин, интеграциялык процесстерди мындан ары өнүктүрүүгө өз салымын кошо турганын белгилеген.

Экология маселеси

Кыргызстан жана ЕАЭБдин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2021
Кыргызстандын демилгеси ЕЭКтин отурумунда каралды

"Глобалдык процесстердин ылдамдыгы, табигый кырсыктардын өсүүсү жана дүйнөлүк экономиканын өзгөрүү динамикасы келечекте климаттын өзгөрүшүнө алып келерин көрсөтүүдө. Төмөн көмүртектүү өндүрүшкө карай жолдогу глобалдык өзгөрүүлөр өлкө экономикаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнө олуттуу таасир этери анык", — деген Жапаров.

Өлкө башчы экономикаларды төмөн көмүртек жолу менен өнүктүрүүгө умтулуу үчүн Биримдиктин бул жатта биргелешкен позициясын иштеп чыгуу зарылдыгын айткан.

Газ, мунай

"Газ, мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рыногун түзүү бүгүнкү күндө мындан аркы интеграция үчүн маанилүү маселе боюнча калууда. Бул маселелер биздин өлкөлөрдүн энергетикалык коопсуздугуна тикелей таасирин тийгизет.
Биримдиктин жалпы газ рыногун калыптандыруунун негизги максаттарынын бири – мүчө мамлекеттердин газ муктаждыктарын канааттандыруу болуп саналат. Буга байланыштуу, биз жалпы газ рыногунун өз убагында иштеп башташын камсыз кылышыбыз керек", — деди президент.

Коронавирус

"Коронавирус пандемиясынан улам биримдикке мүчө мамлекеттердин экономикаларынын ортосунда олуттуу ажырым байкалууда. Бул көйгөйдү чечүү үчүн биз калктын кирешелерин арттырууга жана экономикабызды түздөп кетүүгө багытталган механизмдерди жана максаттуу программаларды иштеп чыгышыбыз керек", — деди президент.

Азык-түлүк коопсуздугу

Электрондук кол коюп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
ЕАЭБ өлкөлөрү жыл аягына чейин бири-биринин электрондук кол тамгасын тааныйт

"Бүгүнкү күндө биримдикке кирген ар бир өлкө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун өзүнчө механизмдерин түзүп жатат. Бул потенциалдуу коркунучтарды өз алдынча чечүүгө алып келүүдө. Ошону менен бирге ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрү менен потенциалы эске алынбай келет. Буга байланыштуу, аялуу жана негизги азык-түлүк өнүмдөрүнө манипуляция кылууга жана баалардын өсүшүнө жол бербөө үчүн рыноктун катышуучуларынын тең салмактуу жана алдын ала болжолдонгон аракеттер менен көйгөйдү чечүүгө көңүл бурууну сунуштайм", — деди ал.

Жапаров ЕАЭБ үчүнчү өлкөлөрдүн экономикалык басым жасоосунун тушунда иштеп жаткандыктан интеграцияны бекемдеп, аны тереңдетүүгө багыт алышы керектигин белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0