Ар бирине отчёт бербейбиз. "Кумтөр" депутаттардын сынына катуу жооп берди

© Sputnik / Акылбек БатырбековКумтөр алтын кени. Архивдик сүрөт
Кумтөр алтын кени. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.09.2021
Жазылуу
"Кумтөр Голд Компани" кендеги абал боюнча кенен маалыматты жарыялады. Ишкана кээ бир тараптарды өндүрүш жана бул теманын өзгөчөлүгүн терең билбей туруп саясий упай топтоого аракеттенбөөгө чакырды.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. "Кумтөр Голд Компани" (КГК) жетекчилиги Жогорку Кеңештин депутаттарынын билдирүүсүнө жооп берди.

Таратылган маалыматта кээ бир саясатчылар, депутаттар жана социалдык тармактардагы "диван эксперттери" "Кумтөр Голд Компани" ЖАКынын ишмердүүлүгүн чоң талкууга алып жатканы жазылган. Алар ишкана тараткан маалыматка карама-каршы, кээде агрессивдүү маанайдагы билдирүүлөр болуп жатат деп билдирген. Компаниянын басма сөз кызматы "Кумтөрдүн" ишмердүүлүгү тууралуу маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда дээрлик күн сайын текст жана видео түрүндө толук маалымат берип жатканын кошумчалаган.

"Айрым саясатчылар менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү коомчулукка карандай калп жана туура эмес маалыматтарды таратуу менен упай топтоого ыңгайлуу болгон бул "ысык тема" аркылуу өздөрүнүн баа-баркын көтөрүүгө аракет кылып жаткандай сезилүүдө. Кырдаалдын мындай өнүгүшү, албетте, "Центерра" үчүн да, айрым кызыкдар тараптар үчүн да пайдалуу. Депутаттар боюнча айтсак, баары айдан-ачык түшүнүктүү. Алар ушундай популисттик билдирүүлөрү менен арзан кадыр-барк топтоп, эртеңки шайлоого даярданышууда", — деп айтылат билдирүүдө.

Алар "Кумтөр"  саясат эместигин, өндүрүш жана бул теманын өзгөчөлүгүн терең билбей туруп ар кандай божомолдорду айта берүү кооптуу экенин эскерткен.

"Добуш топтоонун эң ыңгайлуу жана натыйжалуу жолу – эл өкүлү катары жасаган ишиңердин жыйынтыгын элге айтып берүү", — деп жооп берген депутаттарга.

Компания конструктивдүү суроолорго жооп берүүгө дайым даяр экенин айтып, абалды төмөнкүчө түшүндүрүп берген:

1."Кумтөрдүн" алтынын сатууга байланыштуу маселе боюнча, алтынды кайра иштетүүчү фабриканын акыркы продуктусун – алтын, күмүш, жез жана башка кошулмалары бар Доре эритмесин алуу, аны тазалоо жана андан ары алтын менен күмүштү экспорттоо "Кыргыз алтын" ААКсы тарабынан ишке ашырылат. Бул жагы "Кумтөр Голд Компани", "Кыргыз алтын" ААКсы жана КРдин өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн алтын менен күмүштү сатуу жөнүндө келишимде каралган.

Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2021
Кумтөр: Нью-Йорк сотунун санкциясы КР экономикасын бүк түшүрбөйбү
2. Убактылуу сырткы башкаруучуну дайындоо тартибине ылайык, КГКнын убактылуу сырткы башкаруучусу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга ай сайын компаниянын иши жөнүндө отчёт берет. Мында ыйгарым укуктуу орган – Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду.

Эгерде депутаттар КГКнын Убактылуу сырткы башкаруучусунун отчётун уккусу келсе, анда алар бул маселени Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен макулдашуусу керек жана ошол учурда гана отчёт берилет. "Кумтөр Голд Компани" ЖАКы ар бир депутатка өзүнчө отчёт берүүгө милдеттүү эмес. Эскерте кетсек, "Кумтөр Голд Компани" – бул соттук териштирүүлөр жүрүп жаткан стратегиялык объект, ошондуктан мыйзамга ылайык, биз таратууга укугубуз жок жашыруун маалыматтар да бар.

3. "Кыргыз алтын" ААКсынын "Good Delivery List" ишенимдүү жеткирүүчүлөр тизмесинен чыгып калышы убактылуу маселе. Убактылуу четтетүүнүн негизги себеби – "Stone X" компаниясынын чыгымдарын жабуу боюнча жарандык-укуктук доосуна байланыштуу. Маселени тынчтык жолу менен чечүү мүмкүндүгүн "Stone X" өз кайрылууларында эки жолу билдирген. Жакын арада күтүлүп жаткан сүйлөшүүлөр кырдаалды жөнгө салууга мүмкүндүк берет жана "Кыргыз алтын" ААКсына ишенимдүү жеткирүүчү макамы кайтарылат.

Бул чечим (убактылуу четтетүү боюнча), "Кыргыз алтын" ААКтын алтын сатуу укугун чектебейт, Кыргыз Республикасынын суверендүү укуктарын да чектебейт жана ошондой эле эч кандай субъектиге баалуу металлдар рыногундагы көптөгөн эл аралык платформалардын алкагында\биржалар\рынокторундагы экинчи соодадан Кыргыз Республикасынан алтын сатып алууга тыюу салбайт (Баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынан тышкары).

"Кумтөр" аны менен кошо жакында эле кенге барып келген "Кумтөр биримдиги" кесиптик бирлигинин төрагасы Рамис Мамбеталиевдин маалыматын келтирген.  Уюмдун жылдан жылга күч алып баратканын сезип, канадалыктар 2014-2016-жылдары аны 5ке бөлгөнгө жетишкен деген маалыматты берди.

"Акыркы профсоюз болуп КГК уюму анын жетекчиси Калыс Рыспаев бөлүнүп кеткен. Анын кенге жана "КГКнын" бардык объектилерине кирүүсүнө тыюу салынышы туура болгон. Себеби ал "Кумтөр" кени мамлекетке өтүп жатканда, канадалыктардын таламын талашып, кызматкерлерди мыйзамсыз аракеттерге үгүттөөгө аракет кылган. Жумушчуларга жаңы жетекчилик эми иштен кетирет, айлыгыңарды кыскартат. Туура эмес, тескери маалыматтарды таратканы да белгилүү", — деп компания Мамбеталиевдин сөзүн келтирген.

Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2021
Тонналап экспорттолчу. Кыргызстан июлда бир дагы грамм алтын саткан жок
Профсоюз башчысы учурда "Кумтөр Голд Компанидеги" бардык кызматкерлердин укуктары толугу менен корголуп, мурдагыдан да жакшы эмгек шарттары түзүлгөнүн айткан. Ал "Кумтөрдөгү" төрт кесиптик бирлик "Кумтөр Биримдиги" деген бир профсоюзга биригип жаткандыгын кошумчалаган.

"Кумтөр Голд Компани" ЖАКы дагы бир жолу "компаниянын атын ыплас саясий технологияларда колдонбоону суранып", кенге сырткы башкарууну киргизүү зарылдыгы болгонун эскертет. Алар бардык иштер мамлекеттин жана Кыргызстан элинин кызыкчылыгы үчүн гана жасалып жатат деп кошумчалашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0