19:56 22 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7875
  • EUR98.7011
  • RUB1.1965
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
806 0 0

Улуттук банк санарип валютанын моделин жана жүгүртүүнүн техникалык базасын андан ары тандоо үчүн аны киргизүүнүн потенциалдуу пайдаларын жана тобокелчиликтерин изилдеп жатат.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы электрондук сомду жүгүртүүгө киргизүү демилгеси боюнча комментарий берди.

Кыргызстанда өлкөнүн кендериндеги алтынга бекитиле турган "Электрондук сомду" ишке киргизүү боюнча долбоор даярдалууда. Бул тууралуу 18-сентябрда экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров билдирген.

Sputnik редакциясы электрондук сом накталай эмес улуттук валютадан кандай айырмасы бар экенине, алардын куну бирдей болор-болбосуна кызыгып көрдү. Кабарчы мындай суроолор менен улуттук валютанын эмиссиясына (чыгарылышына) жооптуу болгон өлкөнүн Улуттук банкына кайрылган.

"Азыркы учурда Улуттук банк санарип валютаны чыгаруу мүмкүнчүлүгүн изилдөөнү улантып жатат. Электрондук акчаны иштеп чыгуу жана аны жүгүртүүгө киргизүү иши акча саясатын ишке ашыруу, финансылык туруктуулуктун бузулушу жана өлкөнүн бүтүндөй финансылык рыногундагы киберкоопсуздукту жана тиешелүү инфраструктуранын тобокелдиктерин терең изилдөөнү талап кылат", — деп айтылат билдирүүдө.

Улуттук банк санарип валютанын моделин жана жүгүртүүнүн техникалык базасын андан ары тандоо үчүн аны киргизүүнүн потенциалдуу пайдаларын жана тобокелчиликтерин изилдеп жатканы белгиленет.

Жапаров эмне үчүн электрондук сом тууралуу айтты?

17-сентябрда Лондондогу Баалуу металлдар рыногунун ассоциациясы мындан ары "Кыргыз алтын" аффинаждык заводунун продукциясын албай турганы маалым болгон. Эртеси күнү Акылбек Жапаров санкциялар республикада алтынды көбөйтүү үчүн иштейт жана алтын — бул жогорку категориядагы резервдик валюта, алар менен иштөөгө олуттуу эл аралык кредиторлор кубанычта болорун айтып чыкты. Министр учурда "Электрондук сом" долбоору даярдалып жатканын, санариптик валюта кыргыздын алтынына бекитиле турганын белгилеген.

Тема боюнча

Жапаров Лондондогу ассоциациянын "Кыргыз алтын" боюнча чечимине комментарий берди
Кыргызстандын демилгеси ЕЭКтин отурумунда каралды
Белгилер:
Кыргызстан, долбоор, сом, Улуттук банк, комментарий, Акылбек Жапаров

ЭҢ МААНИЛҮҮ