Жапаров Таластагы Бала-Саруу жаңы ГЭСинин курулушуна капсула салды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРабочая поездка президента Садыра Жапарова в Таласскую область
Рабочая поездка президента Садыра Жапарова в Таласскую область - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2021
Жазылуу
Бала-Саруу ГЭСи Талас облусундагы Киров суу сактагычы курулгандан бери пайдаланылбай келген гидроэнергетикалык ресурстарды максималдуу натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Киров суу сактагычында Бала-Саруу жаңы ГЭСинин курулушуна капсула салды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысына Энергетика жана өнөр жай министрлигинин жана "Улуттук холдинг компаниясы" ААКсынын колдоосу менен "Чакан ГЭС" ААКсы Киров суу сактагычынын төмөнкү бөлүгүндө Бала-Саруу ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыра баштаганы маалымдалды. Жол картасына ылайык, долбоор 2022-жылдын декабрь айында пайдаланууга берилиши керек.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Киров суу сактагычында "Бала-Саруу" жаңы ГЭСинин курулушуна капсула салды.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Киров суу сактагычында Бала-Саруу жаңы ГЭСинин курулушуна капсула салды. - Sputnik Кыргызстан
1/4
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Киров суу сактагычында "Бала-Саруу" жаңы ГЭСинин курулушуна капсула салды.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчысына Энергетика жана өнөр жай министрлигинин жана "Улуттук холдинг компаниясы" ААКсынын колдоосу менен "Чакан ГЭС" ААКсы Киров суу сактагычынын төмөнкү бөлүгүндө "Бала-Саруу" ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыра баштаганы маалымдалды.
Мамлекет башчысына Энергетика жана өнөр жай министрлигинин жана Улуттук холдинг компаниясы ААКсынын колдоосу менен Чакан ГЭС ААКсы Киров суу сактагычынын төмөнкү бөлүгүндө Бала-Саруу ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыра баштаганы маалымдалды. - Sputnik Кыргызстан
2/4
Мамлекет башчысына Энергетика жана өнөр жай министрлигинин жана "Улуттук холдинг компаниясы" ААКсынын колдоосу менен "Чакан ГЭС" ААКсы Киров суу сактагычынын төмөнкү бөлүгүндө "Бала-Саруу" ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыра баштаганы маалымдалды.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖол картасына ылайык, долбоор 2022-жылдын декабрь айында пайдаланууга берилиши керек.
Жол картасына ылайык, долбоор 2022-жылдын декабрь айында пайдаланууга берилиши керек. - Sputnik Кыргызстан
3/4
Жол картасына ылайык, долбоор 2022-жылдын декабрь айында пайдаланууга берилиши керек.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев"Бала-Саруу" ГЭСи Талас облусундагы Киров суу сактагычы курулгандан бери пайдаланылбай келген гидроэнергетикалык ресурстарды максималдуу натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.
Бала-Саруу ГЭСи Талас облусундагы Киров суу сактагычы курулгандан бери пайдаланылбай келген гидроэнергетикалык ресурстарды максималдуу натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. - Sputnik Кыргызстан
4/4
"Бала-Саруу" ГЭСи Талас облусундагы Киров суу сактагычы курулгандан бери пайдаланылбай келген гидроэнергетикалык ресурстарды максималдуу натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.
1/4
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Киров суу сактагычында "Бала-Саруу" жаңы ГЭСинин курулушуна капсула салды.
2/4
Мамлекет башчысына Энергетика жана өнөр жай министрлигинин жана "Улуттук холдинг компаниясы" ААКсынын колдоосу менен "Чакан ГЭС" ААКсы Киров суу сактагычынын төмөнкү бөлүгүндө "Бала-Саруу" ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыра баштаганы маалымдалды.
3/4
Жол картасына ылайык, долбоор 2022-жылдын декабрь айында пайдаланууга берилиши керек.
4/4
"Бала-Саруу" ГЭСи Талас облусундагы Киров суу сактагычы курулгандан бери пайдаланылбай келген гидроэнергетикалык ресурстарды максималдуу натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Бала-Саруу ГЭСи Талас облусундагы Киров суу сактагычы курулгандан бери пайдаланылбай келген гидроэнергетикалык ресурстарды максималдуу, натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. Долбоор жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч генераторлуу ГЭСтин курулушун ичине камтыйт. Ал жылдык орточо 92 миллион кВт-саат электр энергиясын өндүрөрү айтылды.

Иштелип чыккан техникалык-экономикалык негиздемеге ылайык, ага 22,9 миллион доллар керектелет. Учурда аны каржылоо боюнча маселе Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду менен чечилүүдө.

Маалыматта бул долбоордун максаты энергетикалык компаниялардын кирешелүүлүгүн жогорулатуу эле эмес, жалпы өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү болуп саналат. Бала-Саруу ГЭСи электр тармактары үчүн жагымдуу жана ишенимдүү иштөө режимин түзүп берет.

"Жаңы ГЭСтерди куруп, экономиканы өнүктүрүү, ошол эле учурда жаратылышты сактап калып, келечек муунга бузбай-этпей өткөрүп берүү биздин башкы милдетибиз. Азыркы тапта энергетикалык көз карандысыздыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу негизги максаттарыбыздан болуп турат. Бүгүнкүдөй шартта бул максатка жетүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр жумшалууда. Мунун алкагында бүгүнкү маалда энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө, анын ичинде чакан ГЭСтерди курууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилейм. Бул тармакты өнүктүрүүгө салымын кошуп жаткан мекенчил, тажрыйбасы мол азаматтарыбыздын аракети менен өлкөбүздүн аймактарында чакан ГЭСтердин курулуп жатышы, албетте, кубандырбай койбойт", — деди Жапаров.

Анын айтымында, тармактык ири долбоорлорду ишке ашыруу келечекке болгон маанилүү кадамдардын бири. Андыктан бүгүн Кыргызстандын энергетикасынын тарыхында жаңы барак ачылууда.

Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2021
Россия элчиси: гидроэнергетика тармагында кызматташтыгыбыз башталды
Бала-Саруу ГЭСинин иштөө режими Киров суу сактагычынын сугат режими менен синхрондоштурулуп, акыркы технологияларды колдонуу менен заманбап жабдуулар орнотулат. Плотинанын механикалык жабдуулары модернизацияланары айтылды.

Ошондой эле Киров суу сактагычына агып келген жана агып чыккан суунун көлөмүн эсепке алуунун эң жаңы системалары киргизилет. Бул чаралардын бардыгы Киров суу сактагычынын ишин кыйла жакшыртат жана сугат үчүн суунун топтолгон көлөмүн сарамжалдуу пайдаланууга жардам берет.

Жаңы ГЭСти долбоорлоо жана куруу, монтаждоо иштерин ата мекендик компаниялар жүргүзөрү маалым болду.

Аталган долбоор ишке ашканда иштелип чыккан электр энергиясы сатылып, андан түшкөн каражат менен кабыл алынган финансылык милдеттенмелер толук жабылат. Муну менен өлкөнүн мамлекеттик бюджетине эч кандай оорчулук келбейт. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРабочая поездка президента Садыра Жапарова в Таласскую область
Жапаров Таластагы Бала-Саруу жаңы ГЭСинин курулушуна капсула салды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2021
Рабочая поездка президента Садыра Жапарова в Таласскую область
"Бала-Саруу ГЭСи Кыргыз Республикасында мамлекеттик кичи гидроэнергетиканын локомотиви болот. Алдыга коюлган милдеттерди чечүүдө тынымсыз аракет жана өжөрлүк менен долбоор өз убагында ийгиликтүү аяктайт деп ишенем. Ушуга байланыштуу бардык тийиштүү мамлекеттик органдарга Бала-Саруу объектисинин артыкчылыгына өзгөчө көңүл буруп, курулуш маселелерин ыкчам чечүү үчүн өз убагында эффективдүү чара көрүүнү тапшырам. Ал эми Энергетика жана өнөр жай министрлигине долбоорду толугу менен кынтыксыз, ийгиликтүү жана сапаттуу ишке ашыруу жоопкерчилиги жүктөлөт. Биз Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалы өтө жогору экенин сыймыктануу менен айта алабыз. Себеби аны өнүктүрүү республиканын энергетикалык өнүгүү программасынын негизги стратегиялык максаты болуп саналат. Өлкөбүздүн энергетикалык потенциалын элибиздин кызыкчылыгы жана бакубат жашоосу үчүн колдонушубуз кажет", — деди Жапаров.

Ошондой эле мамлекет башчы учурда Бала-Саруу ГЭСинен тышкары, Камбар-Ата - 2 ГЭСинин экинчи агрегатын ишке киргизүү долбоору, Токтогул ГЭСин жана Ат-Башы ГЭСин модернизациялоо, Папан, Орто-Токой, Төрт-Көл суу сактагычтарында чакан ГЭСтерди куруу, ошондой эле Камбар-Ата - 1 ГЭСинин жана Кара-Көл ГЭСинин курулуштарынын долбоорлору иштелип жатканын кошумчалады. 

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев "Бала-Саруу" жаңы ГЭСинин курулушу
Жапаров Таластагы Бала-Саруу жаңы ГЭСинин курулушуна капсула салды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2021
"Бала-Саруу" жаңы ГЭСинин курулушу

Сөзүнүн аягында президент Талас жергесинин күжүрмөн калкын Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык мааракеси, ошону менен бирге өлкө үчүн стратегиялык мааниси бар чоң долбоордун ийгиликтүү башталышы менен куттуктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0