16:19 30 Жетинин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7888
  • EUR96.2310
  • RUB1.1321
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
84 0 0

Долбоор башталгандан бери 2 448 391 жол эрежесин бузуу катталган. Салынган айыптын 66,5 пайызы төлөнгөн.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Кыргызстандыктар "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында эреже бузуу боюнча 1,8 миллиард сом айып төлөдү. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Асел Кененбаева билдирди.

Ал депутаттык комиссияга "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын долбоорлору тууралуу маалымат берген.

"Коопсуз шаар" долбоору ишке киргизилгенден тартып ушул жылдын 24-июнуна чейин 2 448 391 жол эрежесин бузуу катталды. Анын ичинен 1 630 218 айып төлөндү, жалпы көрсөткүчтүн бул 66,5 пайызын түзөт. Төлөнгөн айып пулдун жалпы суммасы 1 миллиард 800 миллион 757 миң 285 сом", — деп айтылат маалыматта.

"Коопсуз шаар" 2019-жылдын 4-мартында ишке киргизилген. Учурда борбор калаанын 38 жерине жана Чүй облусунун 52 тилкесине камералар коюлган. 

Тема боюнча

Айып кагазын кайсы учурда жокко чыгарса болот? Айдоочулар үчүн пайдалуу маек
Айып пулду 70 пайызга азайтуу. ЖК комитети мыйзамга кирген өзгөртүүнү жактырды
Белгилер:
Коопсуз шаар, айып пул, төлөө

ЭҢ МААНИЛҮҮ