15:44 20 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7935
  • EUR98.8523
  • RUB1.1948
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
8810

Дүйнөдө жана өнөктөш өлкөлөрдө экономикалык активдүүлүктүн калыбына келиши байкалууда. Бул акырындык менен өлкөнүн тышкы экономикасын кайра баштоого шарт түзөрү айтылды.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргызстандын экономикасынын акырындап калыбына келишинин алгачкы белгилери байкалууда. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.

Дүйнөдө жана соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасынын жанданышы менен соода-логистикалык жолдору калыбына келип, Кыргызстандын тышкы экономикалык ишин кайра баштоого шарт түзөрү айтылды. Ошол эле маалда коронавирустун жаңы штаммдарынын жайылышы жана дүйнөдө калкты вакцина менен эмдөө процессинин жай жылышы жалпы эле эмес, регионалдык экономиканын да калыбына келишине тобокелдиктерди жаратып жатат..

"Кыргызстандын экономикасынын акырындап калыбына келишинин алкагында алгачкы алгылыктуу белгилер байкалууда: 2021-жылдын январь-апрель айларында Кумтөр алтын кенин казып алуу ишканаларын эске албаганда реалдуу ИДӨнүн өсүшү 1,1 пайызды түзгөн", — деп жазылат маалыматта.

Евразия өнүктүрүү банкынын божомолуна ылайык, быйыл Кыргызстанда экспорттун көлөмү көбөйүшү мүмкүн.

Тема боюнча

Бул жылы Кыргызстанда экспорттун көлөмү өсөрү айтылды
Белгилер:
Улуттук банк, экономика, соода

ЭҢ МААНИЛҮҮ