05:01 20 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7772
  • EUR99.8421
  • RUB1.1684
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
94510

Кыргызстан өзүнөн суу агып чыккан Орто Азиядагы жалгыз өлкө экенине карабай, электр энергия тартыштыгы жаралды. Канткенде бул көйгөйдөн кутулуп, ага кошуп пайда дагы көрө алабыз?

Таза суу, электр энергиясы, климаттын өзгөрүүсү, кургакчылык... Бул учурда Кыргызстандын гана эмес, дүйнө жүзүнүн башын оорутуп турган маселелер. Кыргызстандык окумуштуулар сууну рационалдуу пайдалануу менен өзүбүздүн гана эмес, коңшулардын дагы ажатын ачсак болорун айтат.

Sputnik радиосунун эфиринде Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борборунун жетекчиси Рысбек Сатылканов жана аталган илимий борбордун лабораториясынын жетекчиси Максат Абдулдаев болуп, Кыргызстандын суулары тууралуу кенен маек курушту.

 Руководитель Тянь-Шаньского высокогорного научно-исследовательского центра водных проблем и гидроэнергетики Национальной академии наук Рысбек Сатылканов
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борборунун жетекчиси Рысбек Сатылканов

— Кыргызстандын аймагында канча суу бар, аны биз кимдер менен бөлүшөбүз?

Рысбек Сатылканов: — Жаратылыш байлыктары тең салмакта бөлүштүрүлгөн. Кошуналарда мунай жана газ болсо, Памир менен Тянь-Шанда суу запасы мол. Кыргызстанда суу ресурстары 458 миллиард мерт куб деп эсептелип жүрөт. Анын 85 пайызы мөңгүлөрдө сакталып турат. Агын суулар менен дарыяларда жалпысынан 51-52 миллиард метр кубдун тегерегинде. Жылына мунун ичинен 39 миллиард метр куб суу коңшуларга кетип турат. Өзбекстан — 24-25 миллиард метр куб, Кытай — 7 миллиард метр куб, Казакстан — 4-5 миллиард метр куб жана Тажикстан — 2 миллиард метр куб суу алат. Буларды биз Киров, Орто-Токой, Кемпир-Абад, Токтогул сыяктуу суу сактагычтарда топтоп берип турабыз.

— Маекке чейин сүйлөшүп жатканыбызда сууларды рационалдуу колдонсок өзүбүзгө дагы, коңшуларга дагы пайдалуу болмок деп жатасыз. Кандайча?

— Кыргызстандын 90 пайыздан ашыгы тоолуу аймак. Мындай жерлерде сууну сезондук, бир жылдык, көп жылдык режимде топтоо мүмкүнчүлүгү бар. Топтолгон сууну агын сууга салыштырмалуу көзөмөлдөсө болот. Мисалы, коңшуларга керек болгондо агызып, башка учурда талаага кетирбей кармап туруш керек. Мындай жол менен келечекте Борбор Азиядагы суу тартыштыгын жоюуга Кыргызстан чоң салым кошушу мүмкүн. Климат өзгөрүп, Тянь-Шань, Памир, Алай тоолорундагы мөңгүлөр тездик менен эрип жатат. Мунун аркасы менен азыр көбөйүп жаткан суу келечекте азаят.

— Мисалы, канча жылдан кийин?

— Тескей Ала-Тоодон агып түшкөн суулар жалаң муз жана кардан пайда болот. Булардын көлөмү түздөн-түз климаттан көз каранды. Климаттын өзгөрүшү ушул сценарий менен уланса, 2050-жылы абанын температурасы 1,2 градуска жогорулап, суу 12 пайызга азайышы мүмкүн. Ал эми 2100-жылы абанын табы 1,8 градуска көтөрүлүп, суу 40 пайызга чейин азаят.

Борбордук Тянь-Шандагы мөңгүлөрдүн эволюциялык моделин жасап көргөнүбүздө 2040-жылы Нарын суусунун көлөмү 2011-жылдан кийинки деңгээлге түшөрү аныкталды. Бул суу кескин азаят дегенди түшүндүрөт.

Начальник управления по промышленной безопасности и горному надзору Максат Абдулдаев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борборунун лаборатория жетекчиси Максат Абдулдаев

— Мөңгүлөр эрип, суу көбөйүп жатат дедиңер, анда эмнеге Токтогул суу сактагычы толбой турат?

Максат Абдулдаев: — 1990-жылдарга чейин Кыргызстан 8-9 миллиард кВт саат электр энергиясын пайдаланчу. Азыр 13-14 миллиард кВт саат энергия сарптап жатабыз. Ооба, чындап эле суу көбөйдү, бирок иштелип чыгып, агып кетип жаткан суунун көлөмү андан көп болуп жатат. Мисалы, кышында тоодон агып келген суу азайганда, тетиринче, электр энергиясына талап күчөйт. Тагыраагы, кышкысын кирген суу секундасына 80-150 метр кубду түзүп жатса, чыккан суунуку 600 метр кубга жетүүдө. Бирок антпесе дагы айлабыз жок. Ошентип кышкысын суу аябай эле азайып кетүүдө.

— Жылдан-жылга суу азая берсе, бул көйгөй кантип чечилет?

Р.С.: — Азыр электр энергиясын негизинен түштүктөн ташып келип жатабыз (Токтогул ГЭСинин жалпы кубаттуулугу 1200 мВт. — ред). Эгер өлкөнүн түндүгүндө кубаттуулугу 200 мВт болгон чакан ГЭСтер көбүрөөк курулса, кышында Токтогул ГЭСинде 1 миллиард метр кубга жакын сууну сактап калса болот. Андай болсо биз өзүбүздүн гана эмес, Орто Азиянын дагы сууга байланыштуу бир топ көйгөйүн чечип коёт элек.

М.А.: — Ооба, Камбар Ата-1, Камбар Ата-2 ГЭСтерин, Нарын каскадын жана башка чакан ГЭСтерди курууга мажбур болуп турабыз. Анткени алдыдагы кыштан кантип чыгарыбыз чоң маселе болуп турат.

Кыргызстанда Сары-Жаз, Чу, Талас, Чаткал, Кызыл-Суу, Ак-Сай сыяктуу чоң дарыялар сегиз бассейнге бөлүнөт. Азыр биз ГЭСтерди иштетүү үчүн негизинен Нарын суусун гана пайдаланып жатабыз. Башка дарыялар алыс жана татаал жерлер аркылуу аккандыктан, аларды пайдаланган жокпуз. Кытай, Тажикстан жана Өзбекстанга чыгып кетип жатат.

1980-жылдардагы маалыматтар боюнча, бул суулардын баарын иштетсек, линиялык ыкма менен эсептегенде 276 миллиард кВт саат энергия алсак болот. Ал эми бассейндик ыкма менен 130 миллиард кВт саатка жетет. Бирок мунун бардыгын кайрадан эсептеп чыгуу керек, ага каражат талап кылынат.

 Руководитель Тянь-Шаньского высокогорного научно-исследовательского центра водных проблем и гидроэнергетики Национальной академии наук Рысбек Сатылканов
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Рысбек Сатылканов: Кыргызстанда жылына 51-52 миллиард метр кубдун тегерегинде суу агып чыкса, анын ичинен 39 миллиард метр кубу коңшуларга кетет

— Болжол менен кайсы аймакта ГЭС курса болот? Алардын суу сактагычтарынын көлөмү канча болушу керек?

Р.С.: — Совет доорунда Сары-Жаз суусунун Көлүм, Эңилчек, Кайыңды Эңилчек, Ак-Шыйрак, Какшаал жана Көйкап зоналарын белгилеп, ал жерлерге ГЭСтерди куруу пландалган. Жалпы кубаттуулугу 1 050 мВт болмок.

2008-2010-жылдары Гидроэнергетика институту Кытайдын өкмөттүк электр энергия корпорациясы менен биргеликте Сары-Жаздын гидроэнергетикалык потенциалын өздөштүрүү боюнча долбоор даярдаган. Биз үч варианттын бирине токтолгонбуз. Ал боюнча Сары-Жаз суусуна Сарала-Таш (кубаттуулугу 120 мВт), Ак-Шыйрак (кубаттуулугу 520 мВт), Сары-Жаз — Кумарык (кубаттуулугу 1 100 мВт) деген үч ГЭС суу сактагычтары менен курулмак. Мында 1 миллиард 900 миллион метр куб көлөмдөгү суу сакталмак. Кытайга бул ГЭСтердин эмне пайдасы бар эле? Бизге анда өндүрүлгөн электр кубаты калып, аларга биздин аймакта топтолгон суу керек болчу. Башкача айтканда, чогулган сууну керектүү учурда алгысы келген. Кыскасы, эки өлкөгө тең пайдалуу долбоор болчу.

Кесиптешим айткандай, мындай жол менен биз сууну бекер кетирбей электр энергиясын өндүрүп алабыз. Ал эми коңшулар топтолгон сууну керек учурда ири көлөмдө ала алат. Муну жакынкы мамлекеттер өздөрү деле түшүнүп, биргелешкен долбоорлорго кызыга башташты.

— Мисалы кимдер?

— Соңку ирет өкмөт башчы Ташкентке барганда, Камбар Ата-1 ГЭСин куруу маселеси каралды. Убагында аны россиялык компания баштап, бирок кыргыз тарап инвестордун "өндүргөн электр энергиясын кантип колдонобуз?" деген суроосуна жооп бере алган эмес. Анткени Камбар-Ата-1 ГЭСи 1 840 мВт иштеп чыкмак, бул Токтогул ГЭСиникинен бир аз көбүрөөк. Ал убакта коңшулар аны сатып алганга кызыкдар эмес болчу. Сууга да, электр энергиясына дагы муктаждык эми пайда болду.

Камбар Ата-1 ГЭСи иштеп, кышкысын Токтогул ГЭСинин жүгүн жеңилдетсе, ал жерде суу көбүрөөк чогулмак дагы жайкысын коңшуларга берүү мүмкүнчүлүгү пайда болмок. Башкача айтканда, бул долбоор келечекти климаттык өзгөрүүлөргө адаптация катары кабыл алынат. Муну биздин коңшулар дагы аңдады.

Начальник управления по промышленной безопасности и горному надзору Максат Абдулдаев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Максат Абдулдаев: Токтогулга кирген сууга караганда, ачып чыкканы көптүк кылат. Ошол себептен суу толбой жатат

— Баткендеги чек ара жаңжалынан кийин бул аймактагы суулар боюнча дагы эл билгиси келе баштады...

— Баткендеги Түркстан кырка тоолорунда мөңгүлөр бар. Көпчүлүк суу дал ошол мөңгүлөрдөн пайда болот. Алардын ичинен эң эле чоң агымды Сох дарыясы түзүп, жылына 1,3-1,4 миллиард метр куб суу агып чыгат. 3-4 миң метр бийиктиктен Фергана өрөөнүнө (1 миң метр бийиктик) түшүп келе жаткан жеринде чоң гидроэнергетикалык потенциал бар. Ал жерден канча энергия алса болору мурда эсептелген, тилекке каршы, менин колумда маалымат жок.

"Головной" суу бөлүштүрүү жайы жайгашкан Ак-Сай (Исфара) дарыясынын 37 пайызын гана биз пайдаланабыз. Калганы коңшуларга кетет. Андан тышкары, Баткенде Кожо-Бакырган, Ак-Суу сыяктуу суулар бар. Буларды дагы топтоп, рационалдуу пайдалануу боюнча коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүп, чечишип алсак, урпактар үчүн жакшы иш кылган болобуз деп ойлойм.

Тема боюнча

Фотофакт: жаңжал тутанган "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайдын асмандан көрүнүшү
Адис соңку жылдары кардын аз жаап жаткан себебин түшүндүрдү
Белгилер:
Кыргызстан, суу, дарыя, ГЭС, Рысбек Сатылканов, энергетика, Максат Абдулдаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ