Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Россия берген 20 млн. доллар кайда? Финансы министринин жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын жана Россиянын желектери. Архив
Кыргызстандын жана Россиянын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бюджет дефицитин жабууга алынган грант пенсия, жөлөк пул жана саламаттык сактоо тармагына жумшалары айтылган.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Россиянын грант түрүндө берген 20 миллион доллары иштетиле элек, учурда Улуттук банктын эсебинде турат. Бул тууралуу финансы министри Кыялбек Мукашев Sputnik Кыргызстанда өткөн маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, каражат 2020-жылдын аягында өлкөгө келип түшкөн.
"Биз 25-декабрга чейин өзүбүздүн ички булактар менен тышкы карыз, пенсия, пособие, маяна сыяктуу чыгашаларды жаап бүткөнбүз. Россия тарабынан 20 миллион доллар 30-31-декабрда келип түшкөн. Ал учурда доллар боюнча Улуттук банктын эсебинде жатат. Мыйзамга ылайык, колдонулбай калган каражат кийинки жылга калдык болуп өтөт. Каражатты ушул жылы бюджеттин чыгашаларына колдонобуз", — деди министр.
Белгилей кетсек, Россия Кыргызстанга кайтарымсыз 20 миллион доллар берген. Каражат бюджет дефицитин жабууга пайдаланылмакчы, анын ичине пенсия, жөлөк пул жана саламаттык сактоо тармагы кирет.
Жаңылыктар түрмөгү
0