00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Земля на пределе: почему пахотные гектары Кыргызстана стремительно превращаются в пустыню?
08:05
44 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Sputnikтен сүйлөйбүз
Онлайн каттоо жана билимге жеткиликтүүлүк маселеси
11:34
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Почему растут цены на топливо и что будет дальше - мнение нефтетрейдеров
12:08
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Миллионы на алтарь империи: кто и зачем планировал геноцид китайского народа — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:07
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
10 мин
Будь в курсе
Доктора для почв: как учат кыргызских аграриев лечить «уставшую» землю
20:11
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кара-Кече кени кадимки калыбында иштеп, көмүр ташып чыгуу токтогон жок

© Sputnik / Табылды КадырбековУгольное месторождение Кара-Кече
Угольное месторождение Кара-Кече  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кара-Кеченин убактылуу жолунда автоунаалардын эки тараптан бир учурда катташына кыйынчылык жаралып жатканы, ал эми кышында тилке бир топ кооптуу болору айтылды.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кара-Кече көмүр кени кадимки калыбында иштеп, бир күндө орто эсеп менен 3500 тоннага чукул көмүр сыртка чыгарылууда. Бул туурасында "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынан кабарлашты.

Маалыматта кен казган жайда абал туруктуу экендиги, калкты камсыздоо үчүн көмүр толугу менен ташылып чыгып жаткандыгы айтылган.

Кечээ, 11-октябрда, "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын директору Канатбек Ашырбаев Кара-Кече кенине барып, иштин жүрүшү менен таанышып келген.

Кара-Кече кенинде топурак, ташы аралашып жер көчтү. Видео

"Бир күндө "Борбордук" деп аталган тилкеден болжол менен 150-170 автоунаа 3500 тоннадан көмүр ташып чыгууда. Күткөн кезектин мөөнөтү 1-2 суткадан болуп жатат. Алар убактылуу жол менен каттоодо, анткен менен ал аймакта кооптуу жерлер бар", — деп айтылган билдирүүдө.

Учурда көмүр казган тилкеде 15 самосвал, жети экскаватор, бир бульдозер, үч жүктөөчү техниканын иштеп жатканын кабарлашты.

Жумушчулар күнү-түнү казып, ташып кетүүгө 270 000 тонна көмүр даярдалган.

"Убактылуу жолдо автоунаалардын эки тараптан бирдей учурда жүрүшүнө кыйынчылык жаралып, ал эми кээ бир бурулуштар коопсуздук талабына жооп бербейт. Мындан улам кышында кырсык болушу мүмкүн", — деп айтылган маалыматта.

Аталган маселени чечүү үчүн мекеме Транспорт жана жолдор министрлигине кайрылган.

Эске салсак, мындан бир нече күн мурда жер көчкү жүрүп жол тосулуп калгандыктан, көмүр ташуу үчүн убактылуу жол салынган эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0