Ири сумма! Өлкө январдан бери 14 млрд сомго дары жана медкаражат алган

© Sputnik / Тимур Батыршин / Медиабанкка өтүүКоронавирус менен күрөшүү үчүн дары-дармектер. Архив
Коронавирус менен күрөшүү үчүн дары-дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы сумманын 2 миллиарддан ашыгы коронавирус менен күрөшүү үчүн препарт жана башка каражаттарды алууга жумшалган.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Кыргызстанга ушул жылы жети ай ичинде 14 миллиард 300 миллион 646 миң сомго дары-дармек жана медициналык каражаттар алып келинген. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармектер жана медициналык техника менен жабдуу департаментинин маалымат кызматы кабарлады.

Эгер салыштырып айта турган болсок, 2019-жылы ушул убакта сумма 12 миллион 601 миң 259 сомду түзгөн. Мында кеп дарыны сырттан ташып келүү тууралуу болуп жатат.

Ош облусунун бийлиги 6 айга жетерлик дарынын запасы камдалганын айтты

Жогорудагы сумманын (14,3 миллиард) 2 миллиард 149 миллион 283 миң сому коронавирус менен күрөшүү үчүн дары-дармектерге жана медициналык каражаттарга сарпталган.

Департамент белгилегендей, бийлик органдарынын, фармацевтикалык компаниялардын, жеке жана эл аралык уюмдардын, ыктыярчылар менен активисттердин жардам берүүсүнүн натыйжасында медициналык каражат жагынан өксүк болгон жок. Ошондой эле Бишкекте дагы коронавирусту айыктырган дарылардын жетишсиздиги жоюлуп баратат.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган учурлардын саны 35 143кө жетти. Анын ичинен 24 474 киши ооруну жеңип, айыкты. Тилекке каршы, коронавирус 1 364 кишинин өмүрүн алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0