Депутат Абылгазиевге: докладыңызга Малайзия, Сингапурдун премьерлери суктанчудай

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү парламентте 2019-жылдын отчетун тапшырууда.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев өкмөттүн отчетуна Сингапурдун мурдагы премьер-министри Ли Куан Ю менен Малайзиянын экс-премьер-министри Махатхир Мохамад суктанчудай болгонун айтып какшыктады.

Белгилей кетсек, учурда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү парламентте 2019-жылдын отчетун тапшырууда.

"Сиздин докладыңыздан кийин Махатхир менен Ли Куан Ю суктана тургандай болуп калыптыр. Кыргызстанга көчүп келебиз деген ой болуп калбайбы деп жатам да", — деди Жээнчороев.

Ошол учурда ага Абылгазиев: "Тилегиңиз кабыл болсун!", - деп жооп берди.

Андан соң депутат 2018-жылдан бери бюджеттин киреше булагына миллиарддаган сумма түшпөй калып жатканын айтып, бул өкмөт башчынын экономикалык саясатынын негизи экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0