12:58 27 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD74.0750
  • EUR81.1788
  • RUB1.0412
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
20111

Канадалык компаниянын башкы активи – Кумтөр кени, бирок ишкана дүйнөдөгү башка кендерди дагы иштетип келет.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Centerra Gold Inc. компаниясы (Кыргызстандын үлүшү 26,4 пайыз) акционерлерге 8,2 миллион доллар дивиденд төлөп берет. Бул тууралуу "Кыргызалтын" ишканасынан билдиришти.

Дивиденддер 2016-жылдан бери биринчи ирет төлөнөт. Кыргызстан 77,4 миллион акциянын ээси катары 2,2 миллион доллар (175,5 миллион сом) алат. Дивиденддер үстүбүздөгү жылдын 7-апрелине катталган акционерлерге берилет.

"Келечекте директорлор кеңеши коронавируска байланыштуу өзгөрүүлөр болор-болбосун, дивиденд программасына канчалык таасир этерин карап чыгат", - деп айтылат маалыматта.

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Болормаа Амгаабазар менен жолугушуп, өлкөдөгү экономикалык кырдаал боюнча сүйлөштү.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Centerra Gold Inc. компаниясынын саясатына ылайык, дивиденддин убактысы менен көлөмү маал-маалы менен директорлор кеңеши тарабынан бекитилет. Мында акча агымы, финансылык жана бизнести жүргүзүү шарттары эске алынат.

Кыргызстан ("Кыргызалтын" ААК) Centerra Gold Inc. компаниясынын эң ири акция ээси болуп саналат – 77 401 766 даана. Канадалык компаниянын башкы активи – Кумтөр кени, бирок ишкана дүйнөдөгү башка кендерди дагы иштетип келет.

Тема боюнча

Кыргызстан Кытайдан жүк ташууну жандандырууга камынып жатат
Кыргызстан коронавирус менен күрөшүү үчүн ЭВФтен 121 млн. доллар алды
Белгилер:
акция, дивиденд, Centerra Gold Inc, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ