14:07 09 Теке 2020
Түз эфир
  • USD78.0266
  • EUR88.0062
  • RUB1.0953
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1811)
217 0 0

Премьер-министр ун, буудай алып келүүгө өкмөт 400 миллион сом, мындан тышкары, эки мамлекеттик банк 200 миллион сомдон 400 миллион сом бөлүп жатканын да баса белгиледи.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Кыргызстандын бардык аймактарында ун жана башка азык-түлүктөрдүн баасын Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги көзөмөлдөйт. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев брифинг учурунда билдирди.

Өкмөт башчы өлкөдө азык-түлүк тартыштыгы жаралбай турганын баса белгиледи.

"Азык-түлүк, анын ичинде ундун баасын көзөмөлгө алуу боюнча Монополияга каршы күрөшүү кызматына тапшырма бердик. Алар азыркы тапта бир бааны бекитип жатышат. Унга эле эмес, башка да азык-түлүктөрдүн наркына чек коюлат. Ар бир аймак үчүн өзүнчө баа бекитилет. Андан ашырып саткандарга абдан катуу чара көрүлөт. Бүгүн эртең менен тиешелүү бардык органдарга тапшырма берилди. Нааразы болгондор "буга чейин эле чектөө койсоңор болмок" деп айтышты. Мындай ызы-чуу жаралып кетерин билген эмеспиз. Жарандарыбыз ушак таратып өз кызыкчылыгын мамлекеттин кызыкчылыгынан өйдө коёт деп ойлогон жокпуз", — деди Абылгазиев.

Премьер-министр ун, буудай алып келүүгө өкмөт 400 миллион сом, мындан тышкары, эки мамлекеттик банк 200 миллион сомдон 400 миллион сом бөлүп жатканын да баса белгиледи.

Анын айтымында, Материалдык резервдер фондунда 60 миң тоннадан ашык ун, буудай бар. Мындан улам эл тамак-аш, азык-түлүк маселесинен кам санабай эле койсо болот.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1811)

Тема боюнча

Ундун баасы көтөрүлбөйт. Оштун мэри борбордук базарды кыдырды
Белгилер:
азык-түлүк, чектөө, ун, өкмөт, Мухаммедкалый Абылгазиев

ЭҢ МААНИЛҮҮ