Улуттук банк кредиттин пайыздарын көтөрдү. Себептери

Жазылуу
Мындай чечим кабыл алууга көп факторлор себеп болду. Мисалы, сырткы таасирлерди алсак, нефтинин баасы түшүп кетти. Ошондой эле коронавируска байланыштуу ар кандай жагдайлар бар.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Ар кайсы өлкөлөргө жайылып жаткан коронавирус Кыргызстандын экономикасына таасир этиши мүмкүн. Буга бир себеп - эсептик чен өлчөмдүн көтөрүлүшү экенин маалымат жыйыны учурунда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Бүгүн, 25-февралда, Улуттук банк насыянын эсептик чен өлчөмүн 4,25 пайыздан беш пайызга чейин көтөрдү (0,75 пайызга).

"Мындай чечим кабыл алууга көп факторлор себеп болду. Мисалы, сырткы таасирлерди алсак, нефтинин баасы түшүп кетти. Ошондой эле коронавируска байланыштуу ар кандай жагдайларды атасак болот", — деди Абдыгулов.

Төрага инфляция дагы ички жана тышкы факторлордон көз каранды экенин эске салды. Анын айтымында, мурдараак Улуттук банктын каржылык саясаты экономикага жүгүртүүдөгү акчаны көбөйтүү болчу. Азыр бул жаатта абал жакшы.

Китайское общество обмена золотом и серебром в Гонконге - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банктагы алтын валюта запасы 51 млрд. сомго жетти
"Бирок азыр баалар көтөрүлүшү мүмкүн деген коркунуч бар. Андыктан эсептик ченди көтөрдүк. Мындан тышкары, дүйнөлүк экономикага көлөкөсүн түшүрүп жаткан коронавирустун дагы тиешеси бар. Сырье арзандаганы менен даяр товардын баасы өсүшү мүмкүн. Кытайда өндүрүүчү компаниялардын айрымдары жабылып калды, бул тартыштыкка алып келет", — деди Абдыгулов.

Ал кошумчалагандай, Кытай товарларын Түркия менен АКШнын продукциялары алмаштырышы мүмкүн. Бирок аларды ташып келүүгө кеткен акы кымбатыраак болот.

Эсептик чен өлчөм — бул Улуттук банк коммерциялык банктарга насыя бергендеги пайыздык чен. Ал канчалык бийик болгон сайын коммерциялык мекемелер дагы элге берген насыянын пайызын көтөрөт. Эсептик чен өлчөмдү инфляцияны ооздуктоо максатында жогорулатышат. Бирок экономиканын өсүү темпи төмөндөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0