700 миллион сом түшөт. КРдеги мигранттарга патент берүү мыйзамы сунушталды

© Sputnik / Табылды КадырбековПолучение добровольного патента в КР
Получение добровольного патента в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин айтымында, учурда Кыргызстанда иштеп жүргөн 300 миңден ашуун чет элдик жарандардан бюджетке бир тыйын да түшпөйт.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Чет өлкөдөн келип Кыргызстандын аймагында иштеп жаткан мигранттарга патент берүү каралган мыйзам долбоору сунушталды.

Аталган мыйзамды депутат Исхак Пирматов демилгелеп, долбоор бүгүн парламентте биринчи окууда каралды.

Демилгечинин айтымында, патенттин бир айлык баасы 500 сом деп бекитилет. Анын натыйжасында жылына жергиликтүү бюджеттерге 700 миллион сом түшөт.

"Бүгүнкү күндө өзбек жарандары Өзбекстанга чектеш аймактарда эле эмес Нарын, Ысык-Көлгө чейин келип курулуш, дыйканчылык тармактарында иштеп жатат. 60 күн визасы жок жүрүүгө уруксат берилген режимдин негизинде жүрүшөт. Бирок мындан мамлекеттик казына эле эмес, жергиликтүү бюджеттерге да бир тыйын түшпөйт. Алардын төлөгөн акчасы милиция жана башка укук коргоо органдарынын чөнтөгүнө кетип жатат. Биз ушул жагдайды жөнгө салып, мыйзам талаасына кийирүү максатын көздөп жатабыз", — деди Пирматов.

Депутат эгер мыйзам кабыл алынса, эмгек мигранттардын патентке төлөгөн акчасы айыл өкмөттүн бюджетине түшөрүн белгилеп, каражат менен айылдагы көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөрүн кошумчалады.

"Биз орточо эсептеп көрсөк жылына 700 миллион сом чогулат экен. Салык кызматы жергиликтүү бийлик менен биргеликте эмгек патент берет. Сунушталган мыйзамда эмгек мигранттары келгенде биринчи Салык кызматынын бөлүмдөрүнө каттоого турат. Ал кайсы айыл өкмөттүн аймагында иштесе, патенттин акчасын ошого төлөйт. Бүгүнкү күндө алар Миграция кызматы берген квотанын жана чакырган юридикалык тарап менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде иштеп жатышат. Бирок анын жолдору татаал болгондуктан мыйзам иштебей калууда", — деди депутат.

Прага шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чехия менен Кыргызстанда иштегендерди бир нече салыктан бошотуу сунушталды
Мыйзам долбоорунун демилгечилерине берген Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, жыл сайын чектеш мамлекеттерден 300 миӊден ашуун жаран каттоого турат.

Ал эми 2019-жылдын сегиз айында Кыргызстанда 280 239 чет элдик жаран катталган. Карай келсек, Казакстандан 9 345, Тажикстандан 6 173, Кытайдан 18 141, Өзбекстандан 246 580 адам келген.

Каттоого турбай иштеп жүргөндөрдү кошкондо мындан дагы көп болушу мүмкүн.

Ошол эле учурда Миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов былтыр КР аймагында иштөөгө расмий түрдө 96 гана өзбек жараны уруксат алганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0