Улуттук банк быйыл дагы жеңилдетилген ипотекалык насыя берет

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЖаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйлөр. Архив
Жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган банк 2020-жылы 1 миллиард 200 миллион сомго чейин насыя берүүнү пландаштырууда. Былтыр бюджеттик мекемеде иштеген кызматкерлерге жалпы суммасы 1 054,2 миллион сомго чейин 723 кредит берилген.

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. "Социалдык ипотека" долбоорунун алкагында "Керемет Банк" ачык акционердик коому 2020-жылы дагы насыя берет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков менен Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун жолугушуусу учурунда маалым болду.

Вручение первых ключей от квартир жильцам нового дома в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик кызматта иштебегендер кантип ипотека алат? Жаңы программа
Абдыгуловдун айтымында, аталган банк 2020-жылы 1 миллиард 200 миллион сомго чейин насыя берүүнү пландаштырууда.

Президенттин маалымат кызматынын билдирмесине караганда, 2019-жылдын 30-майынан 31-декабрына чейин "Керемет Банк" ААКы жалпы суммасы 1 054,2 миллион сомго 723 насыя бөлүп берген. Ал насыялар Кыргызстандын аймактарында иштеген бюджеттик уюмдардын кызматкерлерине бөлүнүп берилген.

Повседневная жизнь - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик ипотека 2025-жылга чейин кандай болот? Долбоордун кыскача түшүндүрмөсү
"Керемет Банк" ААКнын "Социалдык ипотека" насыялык долбоору жеткиликтүү пайыздык чендер менен жеке турак жай сатып алууда бюджеттик тармактын кызматкерлерин колдоого багытталган.

Эске салсак, мамлекеттик ипотекалык компаниясы бюджеттик мекемеде иштебеген, аймакта жашаган кардарларга да үстөк пайызы төмөн ипотекалык насыя бере баштаганын жар салган. Аны алуунун жол-жобосун Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окусаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0