01:19 24 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8230
  • EUR77.6292
  • RUB1.0944
Компания директору. Архив

Кыргызстандагы банктарга кимдер ээлик кылат. Кожоюндардын тизмеси

CC0 / StockSnap/ Pixabay
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
319423

Кыргызстанда банктардын басымдуу бөлүгү толук же жарым-жартылай чет элдик капитал менен иштейт. Биздин өлкөдө банктык ишмердүүлүк менен алектенгендердин арасында  Казакстан, Пакистан, Швейцария, АКШ сыяктуу мамлекеттер бар.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2-октябрда  Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алып, аймактарды өнүктүрүү үчүн облустардагы экономикалык долбоорлорду колдоо боюнча коммерциялык банктар менен иштешүүнү күчөтүү тапшырмасын койду.

Жээнбеков өлкөнүн өнүгүшү үчүн каржы мекемелери туруктуу жана ишенимдүү иштеп, ишкерлер менен жарандарды зарыл болгон акча каражаты менен камсыздап турушу керектигин белгиледи.

Мындан улам Sputnik агенттиги Кыргызстандагы банктарды тизмектеп, аларга кимдер ээлик кыларын иликтеп көрдү.

Учурда Кыргызстанда 24 банк иштейт. Алардын экөө, тагыраагы, "РСК Банк" менен "Айыл банк"  толугу менен мамлекетке тиешелүү. "Росинбанктын" 95 пайыз акциясы Улуттук банктын карамагында. Ал эми "Евразиялык Сактык Банкынын" 56,58 пайыз, "Кыргыз Инвестициялык Кредит Банкынын" 10 пайыз акцияларына Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ээлик кылат.

Калган бактардын басымдуу бөлүгү толук же жарым-жартылай чет элдик капитал менен иштейт. Акционерлер жана директорлор кеңешинин курамына көз салсак, чет элдик компаниялар менен жарандардын аты-жөнү көп кездешет.

Анткен менен кыргызстандык аткаминерлердин жакындарына тиешелүү дагы банктар бар. Мисалы, "Капитал Банк" ААКнын негиздөөчүсү Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбековдун жубайы Нуржан Тентимишова экени маалым. Ушул эле банктын директорлор кеңешине саясатчынын кызы Бегимай Чыныбай кызы мүчө.  "Дос-Кредобанк" ААКнын директорлор кеңешине Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдун уулу Бакыт төрагалык кылат.

Ал эми "Кыргыз Инвестициялык Кредит Банкындагы" өкмөттүн 10 пайыз акциясы үчүн мурдагы премьер-министр Азим Исабеков директорлор кеңешинин мүчөсү болуп отурат.

Банктардын кожоюндары жана жетекчилери тууралуу билүү үчүн төмөндөгү аталыштардын үстүн басыңыз.

Маалыматтар КР Юстиция министрлигинен, Улуттук банктан жана банктардын расмий сайттарынан алынды.

Тема боюнча

Улуттук банк ЕАЭБдин беш жылдыгына карата коллекциялык тыйын чыгарды
Микрокредит берген компанияларга кимдер ээлик кылат. 94 ишкананын кожоюну
Кыргызстандагы акчанын көптүгү рекорд артынан рекорд коюуда. График
Президент Улуттук банктын төрагасын кабыл алды. Эмне тууралуу сөз болду?
Белгилер:
ишкердик, тизме, банк, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ