Куну түшкөн рубль менен теңге сомду да ала жатабы? Улуттук валютанын абалы

Жазылуу
Ушу тапта рубль менен теңгенин куну түшүүдө. Абалдын сомго кандай таасир этерин Sputnik Кыргызстан редакциясы байкап көрдү.

Казак валютасы үч күн мурун көңүл чөгөргөн чекке жеткен. Фондулук биржада бир доллар 385,1 теңгеге бааланган курс катталып, бир аздан кийин абал жакшырган.

Негизи эле июлдун акыркы күндөрү казак валютасы долларга карата алты теңгеге көтөрүлгөнү казак биржасынын сайтында айтылат. Эксперттер буга дүйнөлүк нефть менен девальвацияга болгон дүйнөлүк баа себеп экенин божомолдошууда.

Кыргызстандагы банк сектору - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктар насыяны кандай максатта алат? Банктар тууралуу маалымат
Ал эми Россиянын валютасы 32 тыйынга кымбаттап, бир доллар 63,38 рублга бааланууда. Бул өлкөнүн Борбордук банкынын маалыматы.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөдөгү абалга саресеп салып, Казакстан менен Россиядагы кырдаал жергиликтүү рынокто долларды кымбаттатып ийбейби деген суроого жооп издеди. Айта кетчү жагдай, Улуттук банк курс эркин экенин, ал суроо менен сунуштун негизинде түзүлөрүн айтып, божомол берүүдөн баш тартып келет.

Сом да арзандады

Улуттук банктын расмий маалыматы боюнча, доллар 26 тыйынга кымбаттап, 69,75 сомдон сатылууда. Акча алмаштыруу жайлар ассоциациясынын төрагасы Чыңгыз Бийлибаев бул доллар күчтөндү дегенди түшүндүрбөй турганын, болгону мурунку абалына кайтып келгенин айтып берди.

"Июндун соңунда доллардын куну кескин түшүп кеткен, бир аз убакыттан кийин кайра көтөрүлдү. Башкача айтканда, өз позициясына келди", — деди Бийлибаев.

Белгилей кетсек, Улуттук банктын маалыматына ылайык, июндун орто ченинде АКШ валютасынын наркы 69,85 сом болчу (учурда 10 тыйынга аз).

Улуттук валюта кымбаттайт

Экономика илимдеринин доктору Гурас Жапаров сом мындан ары да алсыздана берерин белгиледи.

"Доллар 70 сомдон ашып, психологиялык чектен өтүп кетпесин деп азыр сомду "кармап" турушат. Анын реалдуу баасы 75 сомго чейин жетиши мүмкүн. Доллар бир азга кымбаттайт, болжол менен 7-10 пайызга өсүшү ыктымал", — деди экономист.

Мындай абалга долларга болгон суроо-талаптын өсүшү себеп болот. Анткени мамлекет менен бизнес күзүндө ар кыл товарларды, негизинен көмүр менен күйүүчү майларды, чет элдик валюта менен сатып алат. Эксперт валюта курсуна башка да факторлор, АКШнын Федералдык резервдик системанын (Улуттук банктын милдетин аткарат) да таасири боло турганын кошумчалады.

Анча-мынча кымбатташы мүмкүн

Бийлибаевдин пикиринде сомдун курсу мурункудай эле калып, ашып кетсе доллар 70 сомго барат.

"Тынчсызданууга негиз жок, 10-20 тыйындын нары-бери болушу кадыресе көрүнүш. Улуттук банк долларга суроо-талап күчөгөндө дайым интервенция жасап, улуттук валютанын кунун кармап калды. Ошондуктан доллардын баасы жогорулаган жок, эми деле ушундай болот деп ойлойм. Өзгөрүүлөргө негиз да жок", — деди ассоциация жетекчиси.

Эксперт июнда доллар мындан да кымбат болгонун эске салды.

"Теңге менен рубль арзандады, сом, тескерисинче, бекемделди. Муну доллардын наркы түштү дейбиз", — деди Бийлибаев.

Доллардын баасы өспөйт

Улуттук банк төрагасынын мурунку орун басары Каныш Шаршекеева доллар кымбаттабайт деген пикирде.

"Тажрыйбама таянсам, жайкы сезондо секириктер болот, бирок бул сезондук көрүнүш. Улуттук банк абалга дыкат көз салып турат да, керек учурда интервенция жасайт", — деди ал.

Шаршекеева доллар туристтерден көп келерин, ал эми быйылкы сезон абдан эле жемиштүү болгонун да эске салды.

Жаңылыктар түрмөгү
0