00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
Бишкекте Бексултан Жакиевдин 90 жылдыгына арналган театр жумалыгы ачылды: анын мааниси эмнеде?
13:08
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Двоюродный брат, внебрачный сын и ДНК: юрист о том, кто наследует по закону в КР
14:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда 2026-жылы 17 чакан ГЭСти пайдаланууга берүү пландалууда
15:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Энергетики, недосып, ковид - и другие причины, почему инфаркты стали случаться у молодых
16:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Поправки к закону об образовании: кто и как сможет лишить вуз лицензии без суда
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
5 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда 2026-жылы 17 чакан ГЭСти пайдаланууга берүү пландалууда
21:07
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Centerra сатылабы? Исаковдун макулдашуусуна Абылгазиевдин ичи чыкпайт

© Sputnik / Табылды КадырбековКумтөр алтын кенинин кызматкери. Архив
Кумтөр алтын кенинин кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Кумтөр" долбоору боюнча суроолорго жооп берип, Centerra Gold Inc. компаниясынын сатылышы тууралуу айың кептерге түшүндүрмө берди.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Centerra Gold Inc. компаниясынын кыргыз өкмөтү менен былтыркы жылдын сентябрында түзгөн стратегиялык макулдашуусуна азыркы өкмөттүн ичи чыкпайт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында билдирди.

Горнорудный комбинат Макмалзолото - Sputnik Кыргызстан
"Макмалалтын" менен чогуу ишкана түзүү боюнча сынак жарыяланды
Эскерте кетсек, макулдашуу 2017-жылдын 11-сентябрында Сапар Исаков башында турган өкмөт менен түзүлгөн. Centerra Gold Inc. Кыргызстандагы табиятты коргоого багытталган иш-чараларды каржылоо милдетин алган. Жаратылышты сактоо боюнча түзүлө турган фондго 50 миллион доллар салуу пландалып, экологиялык төлөмдү 310 миңден 3 миллионго чейин көбөйтүү каралган. Канадалык компания, мындан тышкары, онкологиялык кызмат түзүүгө 10 миллион доллар бөлүүгө милдеттендирилген.

"Макулдашуунун шарты учурдагы өкмөттүн сынына толбойт. Каражат түшүрүү жаатында позициябызды күчөтүүгө басым жасамакчыбыз. Сүйлөшүү эмне менен бүтө турганын айта албайм, азыр компания биздин талаптарды карап жатат", — деди премьер.

Депутат Айсулуу Мамашова макулдашуунун шарты талашты жаратып жаткан учурда документке эмне үчүн кол коюлганына кызыкты. Ал онкологиялык кызмат боюнча 7 миллион доллар түшкөнүн, башка каражат ушу кезге чейин которулбай турганын эскертти.

Восточный экономический форум. День первый - Sputnik Кыргызстан
"РусГидро": Кыргызстан 15-апрелге чейин доо арызга каршылыгын билдире алат
"Документке эмне үчүн кол коюлганын ошо кездеги жетекчиден суроо керек. Макулдашуунун шарты купулубузга толбой жатканын дагы бир ирет кайталайын. Онкологияга которулган 7 миллион ошол боюнча турат, тендер жарыяланды. Эгер сүйлөшүүлөр аягына чыкпаса, ал акчанын тагдырын чечүү керек болот", — деди Абылгазиев.

Мамашова Centerra сатылат деген имиштер жүрүп жатканына токтолду.

"Ооба, мындай кептер бар. Кийинки жумада Бишкекке компаниянын жетекчиси келип, өкмөт мүчөлөрү менен жолугат. Эгер ошондой сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан болсо, кайсы этапта экенин тактайбыз", — деди өкмөт башчы.

Депутат макулдашуудан кийин мөңгүдөгү кенди иштетүү боюнча документке кол коюлганын, мындай аракет аны жок кылууну мыйзамдаштырып койгонун кошумчалап, буга ким жоопкер экенин сурады.

Абылгазиев тараптар белгиленген шарттын баарын аткарбагандыктан азырынча макулдашуу күчүнө кире электигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0