Доллар акыркы эки күндө кымбаттап кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековИзменения курса валют в Кыргызстане
Изменения курса валют в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет элдик валютанын мындан аркы баасы кандай болорун Акча алмаштыруу бюролор ассоциациясынын жетекчиси айтып берди.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Акыркы эки күндө доллардын баасы жогорулап жатканы байкалат. Мындай маалымат valuta.kg сайтынна жарыяланган.

8-августтан тарта рубль арзандай баштады. 2016-жылдан бери Россияда доллар биринчи жолу 66 рублге чыгып кетти.

Обмен валют в Джакарте - Sputnik Кыргызстан
Соңку беш айда мигранттар Кыргызстанга 972,3 миллион доллар жөнөттү
Кыргызстанда да чет элдик валютанын кымбаттай баштаганын көрүүгө болот. 8-августтан бери 68.25 сомдон сатылып жаткан доллардын баасы 37 тыйынга жогорулап кетти, ал эми сатып алуу 68.07 тыйындан 29 тыйынга көтөрүлө түштү.

Акча алмаштыруу бюролор ассоциациясынын жетекчиси Чыңгыз Бийлибаев шаршембиден тарта доллар кымбаттай баштаганын, баасы орточо эсеп менен 30 тыйынга жогорулаганын тастыктады. Анын айтымында, чет элдик валютанын наркы мындан ары да жогорулай бермекчи. Качан токтой турганы Россия менен Казакстандагы кырдаалга байланыштуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0