Бишкекте ишкерлер үчүн IT-форум болот

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүПодготовка к открытию Петербургского экономического форума
Подготовка к открытию Петербургского экономического форума - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарада бизнес адамдарынын ишин жүргүзүүгө жардам көрсөтө турган IT-долбоорлорду сунуш кылышат

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Борбор калаада ишкерлер үчүн эл аралык ири форум өтөрүн Sputnik Кыргызстанга уюштуруучулар кабарлашты.

"Иш-чарада бизнес адамдарынын ишмердүүлүгүнө жардам бере турган IT- долбоорлор сунуш кылынат. Маалыматтарды иштеп чыгуу борборун иштетүү, интернетке байланыша турган акылдуу муздаткыч, телевизор жана башка бир топ турмуш-тиричилик техникалары, ишканалар тууралуу маалыматтардын сакталышы, видеоконференция өткөрүүчү системалар талкууланат", — деп айтышты уюштуруучулар.

Форумда маалымат коопсуздугу, IT-адистердин командасын калыптандыруу жана аларды майнаптуу иштетүү жана дагы бир катар маселелер каралары айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0